Абдиламит Матисаков: «Ак журтчу аман — журт аман»

(Адабий ажар) Жусубалиев жөнүндө «жүргөнү кызык, жазганы андан кызык» деп жүрүшөт окурмандары… Ал мага мындай элестейт (көп укканыман эмес, көп көргөнүмөн…). …Таң сүрүлүп, жер жээгине жакындаган агыш шоолага чайынып, терезе түбүндө түпкүчтөй ийилген Кубат аке кечээтен берки термелеген табылгасын дептерине (эки тыйындык дептерди тең белинен бөлүп, жартысына жазат) сөөмөйдөй кембагал калеми менен күн чыкканча кажынганы кажынган… Оо, арбыганда да кандай арбыйт!.. Желбегейленген бейкасам чапаны шыргыйдай боюнан паска качып, бир жактан түн оодарган бактектер терезе кашегин чокуп, бечара «ашынасынан» сүйүнчү сурайт. […]