Абдиламит  Матисаков: Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй

Сүймөнкул абаны жазам деп оолукканым качан… Өзүнө учураганымда шаарыбызды саратан куйкалап, газдалган сууга турган элдин кезегин бир-бирине уласа, кербей-чойбой калааны бир курчаса жете турган. Мезгилиң тутумга илинбейт экен, минтип жалбырак күбүп, күз да кирип келди. Эртең эле буйруса кыш… Бурч-бурчта тигилген боз үйлөрдүн биринде бутуңду узун сунуп, көздү жумуп, суу кошулган кымызды ууртап отурганда түндүктөн жай жылган булуттар бей-пайда кеткен күндөрдү сызылтып, жүрөктү «зырп» эттирип жүрдү го!.. Кайып болуп кеткен күндөр!.. Чыгармачылык алакасы бар ашыналарым да маал-маал «бүттүңбү» деп кулак […]

Эй, арман, эй: ошол күз кайра келди…

Бул сүрөттүн таржымалы кызык. “Кыргыз Туусунун” ошол кездеги маңдайга бүткөн сүрөтчүсү Шекербек Сартов экөөбүз Сүймөнкул аганы сүрөткө тарталы деп “Ала-Тоонун” маңдайындагы иш бөлмөсүнө баш бактык. Беймаал босого аттаган биз менен Сүкөм тура калып учурашты. Отургуза койбой “каяктан тартасыңар?” деп калды. “Эркиндик” гүлбагынан түзүк чыгат эле” деди Шакем. Азыр эстесем, кайран Шакем Сүймөнкул аганын сүрөтүн тарткан акыркы сүрөтчү экен. Себеби, өмүрүнүн аягында оору менен алпурушуп жүрүп, сүрөткө түшүү Сүкөмдүн оюна да келбесе керек. Анын үстүнө суудан өксү организмден (суткасына 400 грамм […]

Абдиламит Матисаков: Жаннат эне, бешик жана жарты нан

АҢГЕМЕ Билинбей он эки айдын бирине учкашып, отпусканын кезеги да келген экен. Барар жак менен бүтүрөр иштин чети оюлбаса да, айыл менен амандык сурашууну, көз өткөн жерге көңүл улап, келин алган үйгө тилек каалоону ыраак жүрсөк да ыймандын иши дедик. Көздүн жашындай болгон отуз күн а-бу дегиче ортосунан ооп, калааны көздөй шаштырды. Билет кечке рейске алынган. Убакыт бар. Фрунзеге он барып, он келсе болот. Эски адат азгырып, Оштун базарын аралап кеттим. Аяк талыганда, кумар таркаганда Ак Бууранын боюндагы чайханада отурдум. […]

Абдиламит Матисаков: Ата карызы

АҢГЕМЕ Мештин боору көмүр чогуна кызарып, көкүрөгүн кактаган Тойчу чалды качырды. Абдестеде шарактап суу кайнайт. Кары кол учу менен абдестенин капкагын алганда сыгылган буу атып кетти. — Отуңар башкача күйдү го,— деди Тойчу чал, кийин жылды да, сууктан чарт-чарт жарылган колдорун мешке калкалай берди. Сырттан суу көтөрүп кирген келини үндөбөй жылдыздуу жылмайды. Чай демделди. — Чыйрыккансыйм. Белим какшайт. Минтчү эмес…— Чал алдында суналган мышыкты кулакка чертип тургузду да, буттарын мештин алдына сунду. Илбериңки келини чыканагына кош жаздыкты коё салды. «Өмүрлүү […]

Абдиламит Матисаков: Күйөө бала

АҢГЕМЕ Уулу апасын көргөнү келди. Алыс жерде сагыныч да тургузчудай эмес. Институтту бүткөндөн шаарда иштейт, айылга аз каттайт. Айылдын жазын көрсөм деп дегдеген менен быйыл да чолосу тийген жок. Эски сүрөттөй качаңкы көргөн байчечекейин эмдигиче эстейт… Кийинки күндөрү апасынан кат сейрек тартты. Келсе да, кызынын же күйөө баласынын эмес, бөтөн бирөөнүн колу менен жазылат. Кырмызы сыя менен жазган неме кат аягына «Бүажар апаңыздан» деп кичүүлүк ызаат билдирип койгонучу… «Көрүнгөнгө жаздырып, сөзү батпай баратса да, кызы менен күйөө баласын күтө турбайбы…»— […]

Абдиламит Матисаков: «Атамды көргөн өлбөсүн…» (шедевр)

АҢГЕМЕ Үйүбүз жогорку көчөнүн эң башында. А автобус үч көчө ылдый, дүкөндүн оозуна токтойт. Айлыбыз чоң, узун-узун алты көчө, а автобус бир жерге (дүкөндүн оозуна дебедикпи) токтоп өтөт. Биздин көчөнүн аксакалдары үмүт кылышабы, кээде: «О шопур бала, карыганда кыйраңдатпай жогорку көчөгө бир токтоп кой, кемип калбайсың» дешип калат. Анда автобус менен бир болуп келаткан кары-картаң жаалап, шопурдун ордуна өздөрү эле жоопту «катырып» коюшат. — Ысыгында ушу жерден түшүп калсаңарчы! — Же Папанга кошулуп барып, тамаша кылып келесиңерби! — Көтөр чыптаңды, […]

Абдиламит Матисаков: Жакшы жазуучу жашообуздун редактору

Кыргыз журналистикасы жөнүндө сөз болгондо Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин профессору, бир чети досубуз Абдиламит Матисаковдун чыгаан актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов жөнүндө жазылган “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй…” аттуу таланттуу чыгармасы эсибизге түшөт. Абдиламиттин журналисттик изилдөөсүнөн жаралган портреттик очерктер, адам ыйманы, анын улуулугун даңазалаган публицистикалары, “Тандыр”, “Ак Коргон”, “Атамды көргөн өлбөсүн…” аттуу китептери кыргыз окурмандарын ойлонтот, түйшөлтөт. Өз кезегинде Улуттук телерадио корпорациясын жана “Кыргыз Туусу” газетасын көп жылдар жетектеп, өтөлгөлүү ак кызмат өтөгөнүн коомчулук жакшы билет. Бүгүнкү күндө […]

Абдиламит МАТИСАКОВ: Далдалчынын уулу (шедевр)

АҢГЕМЕ Сөлпүк уулун жанына алып, Өсөр чал мал базары кызыган ченде келет. Эл сыңары жетелеген малы болсо бир жөн. Куру кол келип, куру кол кайтат. Базарга жете албай жатып, мал жетелегендерге оропара бак-бак унчукмай чалдын адаты. — Токтуну нечеге алдың? Базар жөндүүбү? — Тааныбаган ооз учунан бирдеме демиш болуп өтөт. Чалды базар-учарда көрүп жүргөн жолун тосуп, жандыгын дагы бир көз соодадан өткөрмөккө туура тартат. — Өсөр ака, базар көргөн адамсыз. Чамаңызда токтунун баасын канча дейсиз? — Чалдын жообу удаа чыгат. […]