Абдыкерим МУРАТОВ: Акыркы адамжапайынын арзуусу

АҢГЕМЕ Бу кыштоодо жети түтүн жашайт. Жети таш там. Жети тамда тогуз жан. Атам замандан ушундай жашап, ушул тоо түбүн, бир агым суусу бар булакты турак кылып келаткансыйт. Өздөрүн алмат уруусунанбыз дешет. Тээ ылдыйдатан – эл арасынан качкандар чыкканда да, куугандар чыкканда да ушуларды тоногону келет, же буларда бир байлык болсо экен. Не болсо да алар ушуларды эш кылды, ушулардан бир нерсе биле тургансып аны-муну сурап калышчу, булар же чын эле эч нерсе билбейт, же билгенин да ачылып айтпайт. Кайсыл […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Акырында айта турган алты арман

Токтогул Сатылгановдун басып өткөн жолун жана анын көөдөнүнөн жарып чыккан чыгармаларын изилдеп отуруп, мындай бир жыйынтыктарга келип отурамын. Алар Токтогул акынга гана эмес, бизге – жалпы кыргыз интеллегенциясына арман сыяктуу сезилет. Андай армандар биздин оюбузча мындай: Биринчи арман: Токтогул Сатылгановдун чыгармалары акындын көзү тирүүсүндө, жок дегенде советтик мезгилде, XX кылымдын 20-жылдарында жазылып калбагандыгы. Токтогул сыяктуу эле Фергана өрөөнүндө, чайханаларда ашула айтып, дутарын чалып жүргөн өзбек элинин өкүлү Молдо Тойчуга (Мулла Туйчи Ташмухамедов) эл тарабынан Хафиз наамы берилип, 1905-жылы Москвадан келишип, […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Мадаминбектин өлүмү

Үч-Коргондон Исфайрам бойлоп кеткенде Алыш, Кара-Жыгач, Майдан деп жүрүп отуруп Кичиненин-Оозуна келет. Кезегинде Полот хан качып келген бул жайлардын өзүнчө сыры бар, бир жагынан аш бышымда Барганынын жайыгына түшсө, жарым күндө Кызыл-Кыядан Апшыр-Ата өрдөп кетет Кичи-Алайга, бир жагынан Тамаша аркалуу Шаймардан жерине жетип, андан Сохко, Зардалиге барат, анан да Дароотко күнүн барат, Дароотко жетти дегенде Эркеч-Там менен Кытайга да, Кара-Тейит менен Сары-Колго да, андан ары Кара-Тегин аркалуу Ооганга да жол ачылат. Кууш капчыгай, өрдөп жүргөн жол кандай куугун келсе да […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Кеңеш бийлиги жана Токтогул

Бир кыйла кызыктуу темалардын бири – Токтогулдун 1917-жылы Петроград шаарында жеңип чыккан Совет бийлигин кабыл алышы. Көпчүлүк булактарда, алар советтик мезгилде жазылган, Токтогул жаңы бийликти абдан кубануу менен тосуп алды деп айтылып, жазылып келет. Чын эле ошондойбу? Буга кандайдыр бир негиз болушу мүмкүн, себеби ал мурдагы Ак падышага каршы көтөрүлүшкө катышкан киши, анысы үчүн Сибирь сүргүнүндө адам чыдагыс оор азыптын баарын көрүп келген киши, ал эле эмес экинчи жолу да Наманган түрмөсүндө алты ай жатып чыккан киши. Анын мойнунда ушундай […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Ак Саткын (шедевр)

АҢГЕМЕ Бул жайык өрөөндүн чыгыштагы учу Көк-Белден биригет. Кут жагы болсо созулуп кете берет, кете берет. Качан токтоорун, качан жарышкан эки тоо бири-бирине учурашарын эч ким билбейт, ошол жарышкан эки тоонун бири анча бийик эмес балык жондонгон жалпак адырчалардан турат, экинчи жагы болсо дөңсөө, андан тоо болуп, тоолор ак карлуу курама зоого барып, асманга чыгып кетет. Көккө көтөрүлүүчү шаты өңдөнөт бу тоолор. Ошол жарышкан тоонун ортосунда кайыктай болуп жайык өрөөн жатат. Чалкыган көк өрөөн. Каалгыган булуттар бул өрөөндүн ичинде эркинче […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Токтогул абактан качканбы же бошотулганбы?

Бул маселе көптөгөн изилдөөчүлөрдүн башын катырып келет, 1988-жылы Ж.Таштемиров «Током Сибирден качан качкан» деген макаласын жазат[1]. «Баскан жол» деген эскерүүсүндө Калык Акиев Тытты-Сай деген жердеги Ыса болуштун үйүндө Токтогулдун: Капыстан чыкса душманым, Кабынан таят жүрөгүм. Бул коркунуч башымда, Бүтпөй келгем сүрөгүм, — ырдаганын айтат[2]. Демек, акын качып келгени ырастайт. Ал кантип качкан, аны ким качырган? О.Сооронов макаласында[3] мисал кылган Ж.Жылкыбаевдин эскерүүсүндө Токтогул менен бирге он бир киши качып чыгат, жолдо тогуз казак өздөрү бара турган жакка бөлүнүп, Токтогул дагы бир […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Токтогул жана анын абак жылдары

Токтогул Сатылгановдун Сибирь сүргүнү окуу китептеринде, хрестоматияларда, а түгүл адабий, тарыхый изилдөөлөрдө негизинен жалпы сөздөр менен коштолуп келет. Ырас, соңку учурдагы адабиятчы О.Соороновдун бир катар макалалары[1] бул багытта жаңы маалыматтарды берет. Анын тапканы боюнча Кетмен-Төбөнүн Мазар-Сай жагына барган өкмөттүк комиссиянын башчысы Николай Ладушев акынды 1927-жылдан 1931-жылга чейин котормочу катары алып жүрүп «веселчак и комик, музыкант, певец, прекрасный и толковый переводчик» деп баалаган. Композитор А.И.Власов да Токтогул орус тилинде дурус сүйлөп, комузда орус обондорун ойнойт дейт. Бир катар маалыматтарга ишенгенде ал […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Арзымат деген болгонбу?

Токтогулдун акын катары таанылышында анын Арзымат менен айтышуусу өзгөчө белгиленип келет. Соңку учурда бул адамды да болгон эмес, жөн гана Токтогулдун образын түзүү үчүн ойдон чыгарылган каарман болсо керек деген пикирлер айтылып жүрөт. Интернет желелери аркылуу таралган бир пикир: «Социализм идеологиянын түрдүүчө саясий компанияларына, өзгөчө тап күрөшүнүн талабына жараша акынды революциялык күрөшкө жакындатыш үчүн, башка ырларына оңдоолор киргизишкендей эле, айтыштарын да жасалмалаган жерлери кездешет. Мисалга, ал реалдуу турмушта «Беш каман» деген ыр жаратпаган сыяктуу эле, «Арзымат менен айтышы» да таптакыр […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Токтогулдун ырлары түзөтүлгөнбү?

Элде ушул күнгө чейин эле биз 80 жыл окуп жана окутуп келген Т.Сатылгановдун айрым хрестоматиялык ырлары жасалма, аларды Ж.Бөкөнбаев саясатка ылайыктап жазып чыккан деген пикир бар. Ушул ойдун чындыгы канчалык?.. Текстология илими ушуну аныктай алдыбы? Кыргыз адабияты боюнча энциклопедияда да (Т.Сатылганов тууралуу макаланын автору К.Даутов) мындай сүйлөмдөр кездешет: «Токтогулдун совет доорундагы ырлары жөнүндө кийинки кездерде басма беттеринде, адабий, илимий чөйрөлөрдө талаш-тартыштуу пикирлер жаралып келатканы маалым. «Беш каман», «Арзымат менен айтышы», «Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду?!», «Ленин ачты жолуңду» аттуу […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Токомдун устаттары кимдер эле?

 Чыгармачылыкта, анын эң жогорку, уникалдуу формасы болгон төкмөлүк өнөрүндө устатчылык жана шакиртчилик феномени өзгөчө мааниге ээ болору түшүнүктүү. Бул жагынан биздин адабиятчылар Токтогул Сатылган уулунун улуу устат болгондугун, аны айланып-тегеренип, баш-аягы алтымыштай шакирт жүргөнүн айтып келет. Албетте, дүйнөлүк оозеки адабиятта сейрек кездешүүчү тагдыр-шыбага. Бирок акындын устаттары, ага өнөр үйрөткөн, тапка келтирип, байгеге сайган саяпкерлери, акындык гана эмес адамдык нарк-насили менен өрнөк берген адамдар тууралуу анчалык кеп кыла бербейбиз. Эгерде өзүнөн кыйын, өзүнөн таланттуу инсандар менен чыгармачылык алакада болбосо, кандай гана […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Акын качан туулган?

Ж.Бөкөнбаев жазат: «1860-жылдын күзүндө Сатылгандын кара алачыгы кубанычка толду. Бурма эркек төрөдү. Сатылган колундагысын аябай бешик той берди да, «Балдарым токтобой жүрчү эле, бул уулумдун атын Токтогул койдум», — деп жаңы төрөлгөн баласынын атын Токтогул койду» . Демек, акын 1933-жылы каза болсо 73 жыл жашаган. Муну Жоомарт эмнеге негиздеп, кандайча айтып жатат? Же кийин бул чыгарма жарыялангандан соң дагы беш жыл жашаган Бөкөнбаев бул дата туура эмес экен, мен жаңылыптырмын дедиби?.. А тургай ошого негизделип, Жоомарт «өкмөттүн адамы» болуп күркүрөп […]

Абдыкерим Муратов: Такталбаган Токтогул (Адабий-тарыхый изилдөө)

А.В.Затаевич жер муштап калганда… Чынында Токтогул Сатылгановду биздин коммунисттик партия дурус эле көтөрмөлөмүш болгону менен терең карап көрсөк андай дале эмес экен. Кеңеш өкмөтүнүн он жети жылын жашаса да, орусча суудай билсе да, көз карашында өөн жок болсо да, кыргыз акындарынын устаты болуп жүрсө да, көзү тирүүсүндө борбордон бир жан барып, жанында күндөп-түндөп отуруп чыгармаларын жазып албаптыр. Суроо туулат: казак, кыргыз, уйгур жергесин түрө кыдырып, казак фольклорун 3 миң беттен турган томго жеткирип жыйнаган, Кытайга барып ал жердеги элдердин оозеки […]

Абдыкерим Муратов: Кыргыз акыны Катаганды билесизби?

2015-жылдын 24-25-октябрында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде «Манас» жана кыргыз салты» деген темада болуп өткөн эл аралык илимий талкуу жыйындын кезектеги эс алууларынын биринде, бизге, кыргыз адабиятчыларына, Алма-Атадан келген Ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Булдырбай Анарбай «силер Катаган деген акынды билесиңерби, казактын Сүйүнбай акыны менен айтышкан» деп калды. Ырасында, мен укпаптырмын, жок, укканым менен, жакшы билбейт экенмин. Баарыбыз эле билбей чыктык. Бактияр Сманов деген казактын дагы бир окумуштуусу бар, академик, педагогика илимдеринин доктору, профессор, мамлекеттик жана […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Дүйнөлүк деңгээлдеги кытайлык Манастаануучу Адыл Жуматурду

Адыл Жуматурду – азыркы күндөрдүн таанымал манас изилдөөчүсү, анын «Манас» эпосу боюнча эмгектери кыргыз тилинде гана эмес, кытай, англис, жапон тилдеринде чыгып, эпосту жалпы дүйнөгө таанытууга олуттуу салымын кошуп келет. Ал Кытай Эл Республикасынын Шиңжан Уйгур автоном районуна караштуу Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Ак-Чий айылында 1964-жылдын 25-февралында жарык дүйнөгө келген. Жаш чагынан кытай тилиндеги мектептен билим алган. Анын балалык чагы өткөн аймакта Эшмат Мамбетжусуп, Жусуп Мамай, Жусубакун, Ыбырайым Акунбек деген чоң манасчылар жашаган. «Мен бала чагымдан ушундай кыргыздын маданияты, салт-санаа […]