Абдымиталип Мурзакметов: Ат асмандан дечү эле…

Улутубуздун ар дайым сыймыктанчу «Манас» эпосунда дал ушундай сап кезигет. Бул Манас төрөлгөндө ага аксакалдар ат таба албай, кыйналган учурда чыккан сөз болсо да, бир гана адам атына эмес, жер-суу аталыштарына да тиешелүүбү деген ой кетет. Кандай сапатка ээ экендигин аты эле көрсөтүп турган жерлер ата-бабаларыбыздын бул маселеге жеңил-желпи мамиле кылбагандыгын көрсөтүп турат. Өтүп бара жаткан ушул айдын башында (7-октябрь) «ZАМАН Кыргызстан» гезитине чыккан «Өздүн да, өзгөнүн да шоруна жаралган анклав» деген чакан макаланы окуган соң пайда болгон ойлор колго […]

Абдымиталип Мурзакметов: Агайым тууралуу сөз

Адатта адам баласы өзүнүн өткөн күндөрүн билип, эстеп, бирок эртеңи  кандай болорун так айта албай, аны Кудайдын гана энчиси санап, маңдайга жазылганын көрөбүз дегендей өзүн сооротуп калат эмеспи. Буга баарыбыз эле макулбуз, бирок ошол Кудайдын буйругунун аткарылышына кээде айрым адамдар себепкер болуп калышат экен. Мынтип сөздү алыстан баштаган себебим, учурда өзүм эмгектенип жаткан кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде иштеп калуума 3 адам себепкер болгон. Азыр бейиши болгурлар, үчөө тең бул дүйнөдөн өтүп кетишкен. Алардын баарын тең атай кетпесем, сөзүмүн тузу […]