Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер — VIII

Асанов Эшимкул, (22. 12. 1956-21. 08. 1986) Ата теги: Солто ичиндеги Бешкүрөң деген уруктан Мааке-Алдаберди-Койгелди-Көккөз-Бекбоо-Эралы-Султан-Асан-Эшимкул Спортко маш,  ыкчам элең ар иште, Адатыңча эрте жеттиң финишке. Ай,  Эшике эмне себеп болду экен, Ала жипти алтын башка илишке. Эши бизге 3-класстан келип кошулду.  5-6-класстан баштап ымалабыз жакындап,  ошондон баштап кайран досумдун көзү өткөн күнгө чейин бири-бирибизге жаман сөз айтпай,  бактылуу балалыгыбызды,  жалындаган жаштыгыбызды бирге өткөрдүк.   Досчулуктун өтөсүнө чыккан,  жолдошчулукту баалай билген,  жүргөн жери тамаша күлкү,  куйкум сөздүү, оттой жанган кара көздүү,  кайран […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер — VI

Райкан Абдыкеримов ( 1938-2002-ж.ж), Ата теги: Солто ичиндеги Бешкүрөң деген уруктан Мааке-Алдаберди-Койгелди-Көккөз-Бекбоо-Ачыбай-Абдыкерим-Райкан. Райкан агай бою жапалдаш,  үйдө жүрөбү,  мектепте жүрөбү,  соо жүрөбү,  мас жүрөбү — тыкыйып кийинип,  жакасына чаң жугузбай таза жүргөн,  супер куудул Күмөндөрдүн манеринде сүйлөгөн,  тамашакөй,  шайыр,  калп айтпаган,  адамдын көңүлүн калтырбаган ак көңүл,  эң бир сонун адам эле. Айыл мектебинде 40 жылдан ашык география сабагынан билим берип жүрүп,  арабыздан эрте эле кете берди кайран киши. Мурунку күнү канчалык ичсе дагы,  мектепте сабакка баш жазып ичип барганын көргөн жокпуз.  […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер-IV

Керим Сатар уулу, (1936-1998) Ата теги:  Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Айкө-Боктубай-Кудайбакты- Иман-Качкынбай-Сагынбай-Сатар-Керим. Керим жыла басып,  жылдыра сүйлөгөн, адамкерчиликтүү,  юморго бай,  сүйлөй электе эле адамды күлкүгө таркан мүнөзү бар жагымдуу адам эле.  Акырын куйкум сөзүн айтып коюп,  билмексен кишидей туруп калчу. Чындыгында,  Керимди угуп,  көрбөгөн адамдарга,  Карамолдонун залкар күүсүн айылдык комузчу черткендей, Мыскалдын ырын окуучу кыз ырдагандай эле,  анын сөздөрүнүн салмагы бир топ жоголот.   Ошондой болсо да  анын кээ бир сөздөрүнө чогуу күбө бололук. *   *   * Балыкчыдан теңтушу Камза экөө автобуска түшүп Быстровканы карай […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Аял барда эркек билбейт кейишти

Узун Сары Адыраңдап ойноок бала кезимде, Апам айтчу дагы бир сөз эсимде. Элес албай эске албаган ошол кеп, Эмнегедир эми келет сезимге. Согум союп, ырыстуусун чүйгүндөп, Жакшы туздап кургагыча илгин деп. Кургаган соң капка салып катырды, Узун Сары келет акыр бир күн деп. Эрдин сөзүн бек кармаган аялы, Катып жүрүп чүйгүндөрдү баягы: Узун сары киши келсе бир күнү Эрим айткан ушул го деп сыягы… Каткан этин салып берип узатты, Өттү убакыт кыскабы же узакпы. Үзүмчүлүк, күн узарып,  мал арык, Жут […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Саалынын махабаты

Турмуштук окуянын негизинде жазылган аңгеме Дүйнөдө канча гана согуштар болбоду. Ата Мекендик  согуш,  жарандык согуш, Дүйнөлүк согуш,  бардык согуштар кыйын болсо 4-5, эң эле созулганы 10 жылга барганын тарыхты окугандар билет. Тарыхта айтылбаган, эч жерде жазылбаган, ал тургай башкалар  билбесин деп жашырылган эң узак,  мөөнөтсүз согуш — бул эл көзүнө ынтымактуу,  кадыр-барктуу бүлөдөгү эрди-катындын согушу окшобойбу. Мына,  Саалы менен Гүлбайрамдын баш кошкондоруна быйыл туура 54 жылдын жүзү болуптур. Алты кыз, бир уулдун ата-энеси болушту, кудайга шүгүр, небере эле эмес, чөбөрөлөрү […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Кыш маанай

Жыртылып жылдыз көрүнбөй, Капкара туман асманда. Бурганак согуп, аппак кар Кычырайт бутта басканда. Эптеп жылыйт үй ичи, Картөшкө манту касканда. Күйпөктөп жүрөт байбичем, Төшөгүн салып жатканга. Унутпай уулум камдап кой, Атаңдын тонун жапканга. Капчыкта акча түгөндү, Мал дагы арык сатканга. Өнтөлөп жүрүп түшөбүз, Өлүм шум салган капканга. Эскерээр бекен балдарым, Кызарып күнүм батканда. * * * Жылыткычтар иштеп сайылган, Коюу түтүн чыкпайт айылдан. Калдыркандай тоңгон шейшептер, Жума мурун жуулуп жайылган.   Кайдадыр бир кеткен өмүрдөй, Чана тепкен балдар көрүнбөй. Баштагыдай […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Кредит деген ит чыкты, канчыктай тууган процент

Төрт саптар Төрөлүү бул,  кубанычпы,  кайгыбы Жашоо эмне,  азап-тозок айлыбы? Жалган дүйнө,  жалган болсо эмне үчүн Мынчалык оор – бул дүйнөдөн айрылуу. ♦ ♦ ♦ Мен туулганда кошо туулган ажалым, Билбейм качан,  кайсы күнү алаарын. Суранаарым кыйнабай ал жанымды Айтпасаң да кетчү күндүн кабарын. ♦ ♦ ♦ Чекитпиз чексиз жашоо мейкининде Жылт этип жанып өчкөн көз ирмемде. Ааламга көз ирмемге келсек дагы Ааламдай түйшүк жазган кешигине. ♦ ♦ ♦ Жаш чагымда түгөнбөстөй бул кылым, Түгөндү го түгөнгөндөй бир чылым. Бул […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Эч нерсеге эби жок адам жөнүндө жомок

Илгери-илгери колуна алган нерсеси колунан түшкөн, тамак ичсе оозуна жетпей ыргыган ченде жок эпсиз,  эби жок адам жашаптыр. Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы, канча аракет кылса да ал адаттан арыла албайт.  Барган жерин бүлүнтүп, жүргөн жерин жүдөтүп жүргөндүктөн ал адамды эч ким жумушка да албайт. Жумушсуз,  ачка калган күндөрү көбөйө баштаганда ойлойт. “Кой, минтип жүрсөм бул жактан ачкадан өлчүдөймүн, жер которуп сырымды билбеген элге барып оокат кылайын”. Ошентип эби жок адам жолго чыгат.  Улам бир элге токтоп, сыры билингенде андан […]