Ачуу чындык: Тойдон чыккан ойлор

Жакшы көргөн тамашакөй кудам айтат: “Куда өзүң билесиң,  илгери кыргыздар той-ашты тээ күзүндө, жыйым-терим бүткөндөн кийин баштачу эле.  Ошол эң  туура экен.  Азыркылар акчасы болсо болду, бизге окшогон жер менен иштеген айылдыктарды ойлоп да коюшпайт. А биз жазында той эмес жер иштеткенге акча издеп кыйналып калабыз.   Тукумга, майга деп сары майдай сактаган акчабыз эки-үч тойго удаа-удаа барганда бүтүп калып жатпайбы.  Анан беш маал намаз окуган, мал байлап соода кылган кошуна иним бар эмеспи.  Тойго чакыруу келгенде ошого барам: — Муке, […]

Аман САСПАЕВ: Шейшеп

АҢГЕМЕ Өткөн айдын орто ченинде, магазин алдында инимди элүү минутка күтүүмө туура келди. Инимдин билегине саатымды байлап жатып: – Кырк эле минута берем, – буюра сүйлөдүм. – Саат бирде акчаны ушул жерде даяр кыл, уктуңбу! Иним үйдү көздөй чуркады. Көчөгө чыкканда дайыма жаныма акча салып чыкчу элем, бүгүн эмнегедир билбейм, анын ордуна инимди ээрчитип чыгыпмын. Инимди чуркаткан себебим, ортосуна кооз тор салып, саймаланган шейшептер дүкөнгө келиптир. Бул мага өтө керек! Мен киши күтүүнү жаман көрөм. Чыдай албайм. Өзүмдү да эч […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Каргыш

АҢГЕМЕ Вертолёт деңиздеги акуладай шаардын үстүнөн абада сүрдүү сүзүп баратты. Ичинде учкучтан бөлөк төрт адам: бирөө чет элдик фармацевт компаниясынын ээси, ал мейман, бүгүнкү иш чара анын катышуусунда өтөт; бири аскер адамы, полковник, калган экөө токой чарбасы менен жаратылышты коргоо коомунун жетекчилери. Вертолёт жазды жаңы тоскон шаардан бат эле өтүп кетти. Үстүнөн караганда жерди каптап уюлгуган кара боз түтүн бара-бара суюлуп барып, тоо этекке жеткенде шоп этип ачык абага чыга түштү. Вертолёт токой чарбасына тийиштүү болгондуктан, учкуч бул катар-катар тоолорду […]

Беларус жомогу: Баардыгынын өз учуру бар

Биздин кыштакта ушунчалык сараң поп-атакебиз бар эле. Ал пайда табуу менен чыгым болбоону гана ойлончу. Күз келип, эгин чабык менен түшүм жыйноо учуру келип, жери көп поп-атакебиз үч батракты жалдады. Таң атары менен поп батрактарды ойготуп, тамактандыра баштады. Батрактар апылдата тамак жегенин көргөн поп ыйык санаган башын чайкап ойго батты: “Булар азыр тамак көрбөгөндөй жеп атышат, түштө да ушундай сукулдашат, ал эми булар түштөнүш үчүн талаадан келгиче канча убакыт өтөт? Эгер талаага тамак алып барсак, аттар  чарчайт. Андан көрө түшкү […]

Мидин АЛЫБАЕВ: Эки куданын чыры

АҢГЕМЕ «Эки жакшы жайлоого чыкса Кудалашып түшөт. Эки жаман жайлоого чыкса Кубалашып түшөт». (Эл оозунан) Керимбек университетти быйыл бүтөт. Букеш дагы эң акыркы экзаменин берип кыз-келиндер пединституту менен кош айтышам го деп жүргөн мезгили. Керимбек менен Букештин району бир болгону менен колхоздору ар башка. Алар Фрунзеге келгенден баштап эле жерибиз бир дегенсип, бири-бирине байланыштуу болучу. Бирок бул байланыштын арасында сүйүүнүн эч кандай белгилери жок эле. Жөн гана: – Силердин айылдан кандай кабар бар? Биздин колхоздо болсо, быйыл миллионер болуптур, баягы […]