Кайран залкардын каңырык түтөткөн маеги

Кыргыз эл акыны, кайран залкар талант Эрнис Турсунов агабыз адабияттын түрдүү жанрында өндүрүмдүү эмгектенди. Поэзия, драматургия, котормочулук өнөрү менен катар кийин карасөзгө тап койду. Эрнис ава менен болгон береги маегибиз «Айат-пресс» гезитине (18.122008-ж) «Ууру кыла албасаң, «шабашка» жасайсың да…» деген ат менен жарыяланган эле. Бул маектешүүбүз кандай кырдаалдан улам уланып калганын маек соңунда баяндайбыз… – Учурда көкөйүңүздү өйүп турган эмне? – Жазуучулар турмушу жана китеп, эне тил маселеси. Барыле китеп чыгарууга аракет кылып аткансыйт, бирок колго алары аз. Китеп дүкөндөрдө […]