ХХ кылымдагы кыргыз прозасы менен поэзиясы боюнча студенттерден дөөлөттүк аспектте анкета өткөрүү натыйжалары

Бүгүнкү күндө ХХ кылымдагы кыргыз адабиятын, анын ичинде кыргыз прозасы менен поэзиясын, таза илимий негизде дөөлөттүк изилдөөдөн өткөрүү маселеси өтө курч турат. Анткени, ХХ кылымда кыргыз элинин ичинен акын-жазуучулукка талаптанган инсандар оголе көп чыкты, алар жазган прозалык жана поэтикалык чыгармалар да кыйла арбын. Мунун себеби, бүгүн канча тилдешсе дагы, советтик бийликтин маданиятка чоӊ камкордук көрүүсүндө жатат. Албетте, совет доорундагы жана андан кийинки, жалпы эле ХХ кылым ичиндеги кыргыз профессионал адабиятынын миӊ сандаган туундуларынын баары көркөм дөөлөттүк наркка-кунга ээ боло бербеси […]

Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (4-макала)

Эгер Арзымат менен Токтогулдун ортосунда адамдык жана акындык мамилеге келсек, буга чейин адабиятчылар түшүндүрүп келгендей, эч кандай деле бет карашпас айтыш болбосо керек. Арзыматтын Жоомарт Бөкөнбаев алдынан өтүп, кечирим сурап, ат мингизген небереси Тургуналы Жолоев жазма акындык өнөрүнөн тышкары, элдик оозеки чыгармачылыгын, анын ичинде Токтогул жана аны менен замандаш акындардын ырларын жыйноо ишине активдүү катышкан адам. Бүгүнкү күндө КР УИАнын Колжазмалар фондусунда анын жыйнаган ырлары сакталуу турат. Арзымат менен Токтогулдун ортосунда бет карашкыс мамиле болсо, чоң атасын «мадырайган соргокко», «жугундукор […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Алым сабак

1. Алым — кезең  2. Орус Алым 3. Жабыктагы ойлор  «Дүйнөлүк акын болом деп келди эле, дүйнөлүк акын…» Ооба, буга жоопту түрдүүчө бере алат – ар кыл окурман. Көрдүк, анын бизге тааныш «алгачкы» деп саналган ырларынын баары теӊ эле тегиз, толук жетилген ырлар. Аларда балалык оору, тээжемел телчигүү деген жок (бул «изин» өзүнө катуу талапчыл Алым эртелеп тазалап салганын айттык). Тушундагы мыкты делген улуу-кичүү акындардын кай-кимиси менен болбосун, колдо тизгин карышып, үзөнгү бутта кагышып, жол талашып чыгууга даяр жетик ырлар. […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Аткарылма поэзиянын билерманы – Пайзилда Ирисов

Ирисов Пайзилда – филология илимдеринин кандидаты, өмүрүнүн көп жылын Ош мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти катары кызмат кылып өткөрдү. Биз анын чыгармачылыгын негизги беш аспектиден караганыбыз жөндүү болгудай: биринчиси, ал кыргыз элдик оозеки чыгармаларына профессионалдык деңгээлде мамиле кылып, жыйнап, чогултуп, жазып келген, ушул эң керектүү ишке он жылдай жаштык курагын арнаган атуул; экинчиси, ал элдик оозеки чыгармачылыкты дүйнөлүк фолькористиканын, философиянын, педагогиканын, психологиянын жетишкендиктерине таянып изилдөөгө алган фольклортаануу багытындагы адис; үчүнчүсү, окумуштуу катары гана калбай ал өзүнүн билимин, практикасын, тажрыйбасын […]