Калыстар тобу котормо конкурсунун жеңүүчүлөрүн аныктады

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурс жыйынтыгы “ЭлТР” каналынын түз эфиринде жарыяланып, калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаевдин чечими менен төмөндөгү калемгерлер жеңүүчү деп табылды… Биринчи байгенин жеңүүчүлөрү: А) Виктор Астафьев: “Алыскы түндүктүн зоокаларында” (№24) — Орусчадан оодарган Марсел Исаков. Б) Али Сабахаттин: “Асфальттуу жол” (№43) — Түрк тилинен которгон Мээрим Сайдилканова. В) Амброз Бирс: “Үкү-Сай көпүрөсүндө болгон окуя” (№49) — Англис тилинен которгон Азат Жапарбек. Экинчи байгенин […]