Айтматовду кайрадан окуганыбызда: «Бетме-Бет»

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА – 1966-жылы туулган. Адабиятчы, филология илимдеринин доктору, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери. КР Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. «Кыргыз повесттериндеги подтекст проблемасы» (2000), «Адабий кырдаал жана көркөмдүк жаңылануулар» (2009), «Кыргыз прозасы: салтттуу жана жаңычыл парадигмалар» (2014) аттуу китептердин автору. Ч.Айтматовдун бул повести алгач «Бетме-бет келгенде» деген ат менен «Ала-Тоо» журналында (1957, №6) жарык көргөн. Орус тилинде «Октябрь» журналынын 1958-жылдагы үчүнчү санына басылган. Жазуучунун повесть жанрындагы алгачкы чыгармасы. Буга чейин сегиз-тогуз […]

«Атам кандай киши эле?»

же Ж.Эдигеевдин «Дайралар артка агышпайт» деген китебине баш сөз Абдыкерим МУРАТОВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор, жазуучу, публицист Кагылайын кыргызымдын миңдеген элдердин түмөндөгөн салт, ырасымынын арасынан кашкайта таанытып турган, улуу журт экенинин урпактарга ибараттап турган бир жөрөлгөсү бар: маркумду акыркы сапарга узатып, бул дүйнөсү менен коштоштуруп жатканда артында калган баласы калайыкка катуу үн чыгарап «Атам кандай киши эле?» деп үч жолу кайрылат. Муну муун-жүүнү бошоп, жетимиштеги абышка жүздөгү атасына айтат, төрттөгү бала отуздан оой электе оопа болгон атасына айтат, муну эчен […]

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы адабиятчы Кеңешбек Асаналиевдин изилдөөлөрүндө

Улуттук адабий процесстин ХХ кылымдагы өнүгүү багыттарына өз чыгармачылыгы менен ар тараптан кеңири таасир этип, кайсыл бир деңгээлде анын жетишкен чектерин, көркөмдүк бийиктиктерин аныктап келген Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары адабият таануу жана адабий сындын алкагында такай кызыгуу туудуруп, ар кандай деңгээлде каралып келди. Ошондон улам, ушул кезге чейин көркөм дүйнөсү дээрлик бардык ракурстардан каралып келген (ал тургай, «Айтматов — «Правдист»» аттуу монографияда анын журналист катары эмгектенген бир нече жылдагы гезит майданындагы чыгармачылыгы да изилденгендиги маалым) атактуу жазуучубуздун кеңири белгилүү чыгармаларынын адабий […]

Абдыкерим МУРАТОВ: «Жамийла — элдик тарбия нускаларын тебелөөчүбү же сыйлоочубу?»

Адабият таануу Ч.Айтматовдун «Обон» («Жамийла») повести жазуучунун атын дүйнөгө тааныткан чыгарма гана эмес, ал улуттук алкакта ой жүгүртүүнү жаңы тепкичке көтөрүлгөндүгүн ачык айгинелеген, коомдук турмушта болуп жаткан өзгөрүүлөргө кабарчы чыгарма болду. Анын тагдырындагы дилеммалуу пикирлерди жараткан «жакшы» жана «жаман», «оң» жана «терс» деген критерийлердин элегине салганда эки өйүздө калган каарман бул Жамийла болгон. Жамийла – элдик салттарды, анын ичинде элдик тарбиянын эреже-нормаларын тээп чыккан, ошол алкак тарлык кылып, ага батпай калган каарман деп айтып келебиз. Бул чыгарманы кандайча кабыл алгандыгы, […]