«Атакенин Акболот» – азыркы кыргыз романынын деңгээлин көрсөткөн чыгарма

(Адабиятчынын пикири) Советтик учурда адабиятчыларда кайсыл элдин жана жазуучунун роман жанрындагы чыгармалары көп болсо, ошолор баарынан кыйын, ошолор баарынан бай деп эсептелчү да, адабий баймана роман жанры менен таразаланчу. Кыргыз калемгерлери да адегенде аңгеме жазып, анан повесть жазууга өтүп, белгилүү бир жазуучулук чеберчиликке жана басма тармагына сөзү өтүмдүү чекке жеткенден кийин гана романга «кол салчу». Роман жазган авторлор башкаларга караганда өйдө саналчу жана өздөрүн да адабият дүйнөсүнүн төрүнө келгендей сезишчү. Ошентип өткөн кылымда роман – жетилүүнүн жана мактанычтын чен-өлчөмү, символу […]

Акчага баалангыс дөөлөт жөнүндө эки сөз

ТАБИТ ЖАНА ЖАШОО «ДААМЫ» Бир караганда, капиталисттик коомдо нарк-насил, пейил түшүнүктөрү эч кимге керексиз болуп, эл жалаң гана пайданы, соода-сатыкты ойлоп калчудай. Бирок бул үстүртөн гана ушундай көрүнөт. Адам баласы адамдык касиетинен айрылбай жашап турганда, рухий азыкка дайыма чаңкай берет. Ырас, ошол азыктын башаты нукура көркөм чыгармачылык болобу же  анын көлөкөсүндөй, туурандысындай бирдеме болобу – бул жагы шык-жөндөмгө, талантка, анан да чыныгы көркөм туундуну баалап-барктап, жетик кабылдай билер окурмандын, көрүүчүнүн, угармандын даярдыгына, табитине да байланыштуу. Табиттин эзелки мааниси кишинин тамакка […]

Искендер ЖУМАБАЕВ: «Турам тыңшап селейип…»

(Шербет Келдибекованын чыгармачылыгы тууралуу учкай сөз) Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынын башында кыргыз лирикалык поэзиясына согуштан кийин төрөлгөн акын кыздардын чакан тобу келип кошулду. Кийинчерээк алардын чыгармачылыгы адабий сында «кыздар поэзиясы» деп атала баштады. Алар көркөм адабиятты мурунку муундагы кыргыз жазуучулары сыяктуу мамлекеттик иштин бир бөлүгү эмес, адамдын ички сезимдери, кубаныч-кайгысы жөнүндө айтып берүүнүн каражаты катары түшүнүшкөн. Ошондуктан алар «социалдык заказ» боюнча иштеген улуу муундагы калемгерлер сыяктуу универсал болушпастан, негизинен лирикалык поэзия жанрында гана жазышкан. Алардын лирикалык ырларынын тематикасы да анчалык […]

Айтматовду кайрадан окуганыбызда: «Жамийла»

Ч.Айтматовдун бул повести 1958-жылы алгач «Обон» деген ат менен кыргыз тилинде («Ала-Тоо», «Кыргызстан аялдары», «Советтик «Кыргызстан»), орус тилинде «Жамийла» деп аталып (Новый мир.– 1958.-№8) жарык көргөн. Лиро романтикалык повесть. Повестти алгачкылардан болуп казак адабиятынын классиги, көрүнүктүү окумуштуу М.Ауэзов жогору баалап, жазуучуга ак жол каалайт (Литературная газета. – 1958. – 23-октябрь). Көп узабай повесть француз тилине жазуучу Луи Арагон тарабынан которулуп, «Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян» деген аталыштагы котормочунун баш сөзү менен 1959-жылы Парижден өзүнчө китеп болуп жарык көрөт. «Жамийла» […]

Амантур ЖАПАРОВ: Тарых кооздоп жазуудан өзгөрүп кетпейт

Улут тарыхына кызыгуунун себеп-жөнү, илимпоздук жана ышкыбоздук изилдөөчүлүктүн түпкү айырмасы тууралуу белгилүү тарыхчы, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Амантур Жапаров ой жүгүртөт. Кийинки жылдары көп томдуу тарыхый эмгектерди жаратуу аракети күч алды. Ошол эле учурда тарыхка кызыккандардын, ышкыбоз жана дилетант авторлордун тарых жазууга кайрылган учурлары да көп. Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары тарабынан Кыргызстандын тарыхынын үч томдугу (анын үчүнчү тому жарык көрдү) жарыялана баштады. Ага удаа кыргыз тарыхынын жети томдугу даярдалууда. Москвадан кыргыз тарыхына жана этнографиясына арналган […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Улуттук адабияттын деңгээлин көтөргөн Казат Акматов

АДАБИЙ ПОРТРЕТ Адатта, дүйнөлүк тажрыйбага кайрылып көргөндө, карасөз, анын ичинде роман жазгандар мамлекеттик же коомдук иштерге катышпай, үй оокаты менен убагерчилик чекпей, ашка-тойго, жыйын-сыйынга көп барбай, ээн үйдө отуруп алып эле өзү менен өзү болуп жаза берет. Ал эми биздин Казат Акматов андай болбоду, өмүр бою мамлекеттик жана коомдук иштерде иштеп, болгондо да андай иштердин кайнаган жеринде отуруп, бирок жазууга да, башкалардын жазганын окууга да убакыт таба алды. Ал 1941-жылдын 23-декабрында Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү бир жагында тоо, бир жагында көл турган […]