Аз жазса да, саз жазган Түмөнбай Байзаковдун өмүрү жана чыгармачылыгы

Эч кимге окшобогон акын жана адам Түмөнбай Байзаков… Качан болсо тамашасы даяр, аскиясы белен, чын-чынында ички күйүтүн тышкы күлкү менен баскан кайран Түмөке! Атактуу “Паризатты” жазган, ондон ашык ыр китептерин чыгарган, Барпы Алыкуловдун чыгармаларын чыпчыргасын коротпой топтоп, китеп кылып басып, акыры аны кыргыз адабиятынын классиги катары тааныткан инсан. Нечен чет өлкөлүк авторлорду кыргызчага которуп, анын ичинде Муса Жалилдин ырларын классикалык деңгээлде кыргызчалаган устат котормочу. Эң негизгиси  — мекенчил, Байдылда акын айткандай, «кыргыз деп келип дүйнөгө, кыргыз деп дүйнөдөн өткөн» акын. […]

Бекташ ШАМШИЕВ: Профессионал адабияттын жаралышы II

Англис адабиятынын кыскача тарыхы I XIV кылымдагы англис адабиятындагы көрүнүктүү орун Жеффри Чосерге (1340-1400) таандык. Атасы аксарай шарапчысы, өзү король Эдуард III сүйгүнчүк уулунун жанжолдошу, жүз жылдык согуштун катышуучусу, француздарга туткунга түшүп калгандан кийин акча берип аны бошотуп алгыча ал жердеги айрым акындар менен таанышып, куртуаз романдарын окуп чыккан сүрөткер. Биртоп жылдар чынжырлуу төрөлөр менен аксөөктөргө жакчу чыгармаларын а кездеги Британ аралдарындагы өтүмдүү делген француз тилинде жарыялап, кийинчерээк англис тилине өткөн акын. Чосердин англис тилиндеги чыгармалары Лондон диалектисинде жазылган, ошонусу […]

Садык АЛАХАН: Эшмамбеттин айтыш ырлары (3-макала)

Эшмамбеттин көркөм мурасынын ичинде анын айтыш ырлары өзгөчө орунга эгедер. Дегеле колдо бар материалдардын дээрлик үчтөн экисин ырчынын дал ушул айтыштары түзүп турат. Эшмамбеттин айтыштары жанрдык жактан өтө бай, маанилик жактан өтө терең. Айталы, «Эшмамбет менен Токтогулдун тойдогу тамашасы» деген айтыш аты эле айтып тургандай тамаша, күлкүгө ыктап турса, «Токтогул, Эшмамбет, Корголдун калпага ырдаганы» деген айтыш кордоо түрүндө берилген. Ал эми «Жеңижок менен Эшмамбет» деген айтыш болсо тек гана алым-сабак түрүндө жаралган. Айтыштын учурашуу түрүндөгүсүнө «Токтогул Сибирден келгенде Эшмамбет ырчы […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Чыныгүлдүн чындыгы же «Кызыл өрүктүн» данеги тууралуу сөз

Топчугүл Шайдуллаеваны коомдогу талылуу маселелерди иликтеген социолог, изилдеп аныктаган фактыларын кургак стилдеги илимий баяндама же расмий отчёт түрүндө чаң бастырып койбостон таасирдүү макалаларды жазып, элге жеткирип келген публицист катары сыртынан таанычумун. Жакында жарык көргөн «Кызыл өрүк» жыйнагын окуп чыгып, бул эженин жазуучулук таланты да бар экендигине ынандым. Китепке киргизилген эсселерин, публицистикалык макалаларын окуганда, автордун көркөм чыгармалары менен өзөктөштүгү – алардын негизин турмушта анык болгон, реалдуу окуялар, көрүнүштөр түзгөндүгү байкалат. Т. Шайдуллаеванын чыгармаларынын баары көлөмү чакан, тексти да негизинен жөнөкөй сүйлөмдөр […]