Аскаралы Ражабалиев: Адам кээри, карышкыр мээри

АҢГЕМЕ Дастан акыркы экзаменин тапшырып бүтөөрү менен кимдир-бирөөгө коңгуроо чалды. Жооп болбоду кыйлага. Кайталады. Чалды үч-төрт жолу. Акыры наркы сотка ачылып, кайдыгер үн угулду: — И-и?.. Мен… — Ширин, эмне болду, маанайың пас? — Жөн эле, башым… Чарчадым окшойт. — Анда мен жетип барам азыр эле! — Жо-жок, келбей эле кой! Убара болбо! Эми ал тез сүйлөдү быдылдап. Чарчаган түрү байкалбайт үнүнөн. Алда немени сезгендей «тыз!» дей түштү Дастандын жүрөгү. — Ширин, экзаменим бүттү. Даяр болуп тур, Баткенге жөнөйбүз кечинде. […]