Көчкөн Сактанов: Апама кат

АҢГЕМЕ Балким, сен азыр сарайда жүргөндүрсүң. А балким, коломтодо кесме даярдап же ийигиңди чимирилте ийирип, ал эми таргыл мышык жаныңда кырылдап уктап жаткандыр. Апаке, мен сага кат жазып отурам. Болгондо да көлдүн жээгинен. Тунук көл шарпылдап оолукпастан, жыбырап гана тынч жатат. Анын түрүлгөн мейкининде кылкылдаган катерлер, кулач урган уландар жүздөп жүрүшөт. Эх апаке, бул өмүр бизди дагы кайда алып бармакчы?! Бир кезде сен жаштыктын дооронун сүрбөсөң, же бүгүнкү күндөгүдөй колуңа таяк алып карылыкка моюн сунбасаң, анда мен өз законун талап […]