Дилазык: Мурас бөлүштүргөндө

Качандыр бир кезде Индия мамлекетинде кшатрия (аскер кастасына тиешелүү адам) жашаган экен. Ал катуу ооруп, өлөрүн билип калат. Эки баласын чакырып, керээзин айтат: — Мен өлгөн соң, менден мураска калчу байлыкты адилет, калыс бөлүштүргүлө. Атасы өлгөндөн кийин балдары байлыкты экиге бөлүшөт. Бирок улуусу кичүүсүнө үлүш тең бөлүнбөй калганын айтат. Ошондо бир дейди чал: — Келгиле, мен силерге тең бөлгөндү үйрөтүп коеюн: кандай буюм болбосун, аларды тең экиге бөлгүлө, ошондо ичиңер ачышпайт, — деген экен. — Кандайча тең экиге бөлүп? — […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Тантык болсо да таасын сөздөр

Уй сатылат. 4 бөлмөлуу (Кулактандыруудан). Уйдун телефону (Визиткадан). (“Уйдун номери” дегенди түз маанисинде туура эле түшүнүп жазган жокмун. Анткени окшош уйлар көп болсо номер коёт да. Ал эми “Уй сатылат” болгондо да “4 бөлмөлуу”, “Уйдун телефону” деген сөздөрдү кашайып түшүнбөй атпаймынбы. Ошентсе да азыркы заманда таң кала турган деле эч нерсе жок. Анткени техника укмуштуудай тездик менен өсүп-өнүгүп, ойго келбеген нерселер болуп жатпайбы. Мүмкүн уйлар деле телефон менен сүйлөшө баштагандыр). Музейге балдары, неберелери, байбичеси, бирге туруп, жүргөн адамдар коюлган (Редакцияга […]

Төлөндү АКМАТОВ: Күн болбой куруп кал

АҢГЕМЕ I Бороон улуйт. Тунарган терезеге буюккан кар тозоңу демеп-демеп урунат. Мешке көң жагылган, үй ичи мейрим төгүп жылуу. – Апа, бүгүн барбачы, сөздү угуп, эшик тигинтип турса кантип жетесиз деги, – келин карылыгы жеткен кайненесине карап, бөлмөнүн ортосунда турду. – Кой, балам, убара болбо. – Анда мен да барам, апа. – Сен кетсең үйдө ким калат? – Анан кантип жүрөсүң деги ушу бороондо, – келинчек чын дилинен кайненесин аяп турду. – Карачы эшикти. – Мени Кудай албайт, балакетиңди алайын, […]