Конфуций: Өзүн-өзү өнүктүрүү

Конфуций эрдик жана күч-кубаттуулук тууралуу сөздөргө, адам ишениши кыйын иштер боюнча талаштарга, уруш-талаштарга жана кудай жөнүндөгү талкууларга аралашчу эмес. Конфуций төрт нерсеси менен башка адамдардан жогору турган: ал божомолдорду айтчу эмес, кежирлик кылбаган, сокур тырышчаактыкты көрсөтпөгөн, ал өзүн күнөөсүз периште сезбеген. * * * Цзэн Цзы айткан: “Мен күн сайын өзүмдү үч тарабымдан талдап турам. Башкаларга жакшылык жасай албасам да аны кылууга ниеттендимби? Досторум менен маектешүүдө ак ниет жана чынчыл болдумбу? Устатым берген билимди ичимден унутпай кайталап жүрөмбү?» * * […]

Абдил ШЕРМАТОВ: Көр тириликтин көркөм интерпретациясы (адабий сын)

Ушу тапта жүрүп жаткан кыргыз коомундагы өзгөрүүлөр адабий процесске да олуттуу таасирин тийгизгенин байкоо анча деле кыйын эмес. Жашоо тиричилиги рыноктук түр-түспөл ала баштаган элдин эпчил өкүлдөрү баарын сатыкка койгон сыңары, рухий ишмердик менен алектенгендер да ар кандай тематикада, жанрда, көркөмдүктө жараткан продукцияларына товардык статус берип чыгара башташты. Бирок жаңыдан түптөлүп жаткан өлкөбүздө, маселен, китеп чыгаруу тармагында, аны аземдеп басып чыгарып, анан анын алармандарын таап, акчага айландыруу индустриясы өнүкпөгөндүктөн, ошол басылмалар же авторунун ажаатын ачканга жарабай, же жапайы рынокту жандандыра […]

Анын окуучулары болгону менен окутуучусу жок эле

Конфуций б.э. чейинки Лу падышачылыгында 531-жылы жарык дүйнөгө келген. Атасы Шулэн Хэ атактуу княздардын тукумунан чыккан эр жүрөк аскер адамы болгон. Биринчи никесинен жалаң кыздар төрөлгөн. Экинчи никесинен көптөн күттүргөн эркек бала туулган, бирок ал майып туулат. Алтымыш үч жашында үчүнчү жолу үйлөнүүгө чечим кабыл алат да, Янь уурусунан чыккан жапжаш, суйкайган сулуу кызга үйлөнөт. Уул баланын жарык дүйнөгө келиши укмуштуудай максаттар менен дал келиши кызык эле. Салтка ылайык айлана-тегерегиндегилерди таң калтырып, ымыркайында эле жаш баланын денесинде 49 улуулуктун белгиси […]