Жетиген АСАНБЕК: Жолуңа түш эми, Жолдубаева

Улам кийинки кадамы менен маңдай жарылта кубантып турган Жээнбеков досунун да, досунун кол балдарынын да чамалары чак экенин жакшы билген окшоп калды. Жолдубаеванын жоболоңдуу жоруктарынын ичинен экс-президенттин ар-намысын коргомокчу болуп, Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарына, Zanoza.kg жана «Азаттык» маалымат булактарына, анан да “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага, журналисттер Нарын Айып менен Дина Масловага олчойгон айыппул салганы ары күлкүлүү болсо, ары айланы кетирген абалга салды эле. Кетпес кеги, өчпөс өчү бар кас душманга катылгансып, өлкөдөн сыртка чыгууга чек койгон. Ашынган кошоматтыктын […]

«Жаман айгыр өз үйрүнө тап» дейт кыргызда

«Карысы бардын ырысы бар»… Кыргыз муну эмнеге айтты экен?.. Жомок болор эле. Бир кудай урган, карылыктан коркуп, башындагы ак чачтарын жулдуруп, журт ичиндеги карыларды кырдырып жок кыла берген хан, кайдадыр алыс жолго көчүп баратып, эрме чөлдө суу таппай кыйынчылык болгондо, эл арасында бир жигит карыган атасын сандыкка салып хандын узун кулактарына көрсөтпөстөн, аман сактап жүрөт. Суу таппай эл кырыла турган болот. Ошондо жанагы жигит, түнкүсүн атасын сандыктан чыгарып тамак-аш берип атканда, атасы эмне болгонун сурайт. Суу таба албай кыйналып аткандарын […]

Акын Шайлообек Дүйшеевдин бийликке кайрылуусу!

УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС! Атактуу Рим шаарындагы көп сандаган эстеликтердин бирин түнкүсүн жарык кылышпайт, айрыкча, чет элден келгендерге көргөзгүлөрү келишпейт. Муну менен Рим өзүнүн уятын жашыргысы келет. Анткени, дал ушул эстелик турган аянтка чоң от жагылып, Польшанын улуу окумуштуусу Николай Коперниктин Күн Жерди айланбастан, Жер Күндү айланып турат деген көз карашын кайталагандыгы үчүн динчилдер Жордано Брунонун жазган китептерин өрттөшкөн. Брунонун айткандарын жактагандарды куугунтукка алып, катуу каршылык кылгандарды өлтүргөнгө чейин барышкан. Бирок Бруно буга карабастан ишин уланта берген. Адамдарды Жер менен […]