Аида Салянова: Мародерлуктун башында элита турат

Өзөгү өнбөгөн улуттук саясат жөнүндө сөз (2-маек) <<<<<<<<<< Башы О. Молдалиев: Совет мамлекети 70 жыл өмүр сүрүп, адилеттиктен четтегени үчүн кыйрап калды. Бир эле киши кыйратып койду. Мамлекеттик түзүлүш мындай экен, аны тамаша-чыны аралаш айтып берейин. Ленин мамлекетти эл башкара алат экен деп, Советтер Союзунда далилдеп берди. Сталин далилдеди – мамлекетти бир эле киши башкара алаарын.  Хрущев далилдеди – илибой киши эле башкара берерин. Брежнев далилдеп берди – мамлекетти башкарбай деле койсо болот экен. Горбачев болсо мамлекетти бир эле киши […]

Жетиген Асанбек: Алканованы айыптоо соо акылга сыйбай туру

“Идеал Хаус” аталган 48 коттедждүү 12 га жердин сатылышын иликтеген журналисттин кандайдыр бир кылмышка тиешелүү болушуна шек туудурган эч бир жагдайды көрүүгө мүмкүн эмес. Баары түшүнүктүү, баары такталган, даана. Ал коомчулукка чечип берген чиеленген түйүндөрдү коё туралы. Ансыз да баары жашырууга мүмкүн болбой жагжайып турат. Максим Бакиевдин ач көздүк илдети катуу өтүшүп кетип, ачылган араанын жаба албай, жылт эткендин баарын алып-жулкканынын айынан төңкөрүш болуп, 100гө чамалаган кырчындай өмүрлөр кыйылбады беле. Ошол төңкөрүштүн арты менен мамлекетке өткөн, тактап айтканда 100дөгөн адамдын […]