Аскаралы Ражабалиев: Ай-Чырактын арманы

Жаным апам Байжигит кызы Саламаттын элесине гүлдестем (Аңгеме-жомок) Он жылдын жүзү, атамдын «шаты-тулпарга» мингенине. Үч эле жылдын айдыңы,  апамдын ак кушка айланып, маңги дүйнөнүн бейиш төрүнө учуп кеткенине. Жарыктык апамдын акактай тунук жүзү, балбылдаган көздөрү, энелик деми да ыпысык мээрими, бою-башына куп жарашчу көйнөктөрү (төтөнчө бадам гүлдүү көйнөгү) бир буума жапан жоолугу, шыпылдаган жеңил кыймылы, очок башында от табына бети тамылжып отурган  касиеттүү элеси көз алдымда эртели-кеч… …О мындан элүү жыл илгери. Жай мезгили. Атам түнү бою пахтага суу коюп, […]