Кыргыз календарына арналган «Күн санак, ай санак, жыл санак» китеби даярдалды

Кыргыз өкмөтүнө жакын арада ай, күн, жыл календары тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Бул жөнүндө ушул жылдын 20-майында өткөрүлгөн “Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү” илимий-практикалык конференция жыйынтыгында баса белгиленген. Аталган маселе Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет өткөргөн жыйынында көтөрүлүп, атайын жумушчу топ түзүлүп, аткарылган иштер тууралуу маселе 2019-жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңештин кароосуна коюлмакчы. Ушуга байланыштуу аракеттер ар тараптан көрүлүп, жакшы саамалыктын жемишин көрөр күн алыс эмес экендиги кубандырды. «Мал […]