Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Айланайын, айылдыктарым!

Ишке жарады. Бада кайтарган атты күлүккө кошуп чапкандай боломбу деп сарсанаа болуп баргам. Токмоктун командасына түшүп калганда токмок жебесек экен деп 3:0 менен токмоктоп салдык. Айылда мал кайтарып, Нарындын суугуна кайыгып жүргөн балдар да. Булардын машыгуусу малдын богун чыгарып, анан чөп салып, сугаруу менен өтөт. Жашыл кийимди кийип эле “Бол-эй-болдун” (волейбол) аянтына тизилип чыгып калышса, кадимки спортсмендерге окшоп калышты. Мен болсо өзүмчө кубанып жүрөм. Менин ортончу балам менен тең балдар. Бири Доотай деген айылдын алдыңкы комбайнеринин небереси. “Нива” деген комбайнында […]

Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ: Көч

АҢГЕМЕ (Атам Абылкасымдын  арбагына багыштадым) Жайдын толуп турган кези. Эл  жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Кечигип болсо да көргөн төрт– беш жашар уулун жасалгаланган тайга мингизип, өзү алчактаган ат менен коштоп жетелеп алган. Кырк жаштарга таяп калган мезгили. – Ата– оов! – Оов! – Тээтиги мине? – О тилиңен атаң айлансын, ал – жору, уулум! – Ата– оов! – Оов, садагам! – Тээтиги мине? – О айланайын, булбулум менин, ал– жору, алтыным! – Ата– оов! – Я– оо, берекем менин! […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Теректер же комуздун үч кылы

КӨЗ «Умереть — это ещё не всё!» Э.Хемингуэй Деле адамга түшүнүп болбойт: кээ бир адамдарга көп эле жолугасың, көп эле жолу алар менен чер жазышып сүйлөшкөндөй болосуң, бирок алар жөнүндө бир нерсе айтайын десең эле, айта турган эч нерсең жок болуп чыга келет. Ал эми кээ бир адамдар менен эзилишип деле сүйлөшпөйсүң, сүйлөшсөң да бир эле жолу сүйлөшкөнсүң, атүгүл таптакыр сүйлөшкөн да эмессиң, сыртынан эле билесиң, бирок алар карегиңде биротоло орноп калат да, сенин адам экениңди дайыма эскертип турат. Бүгүн […]