Калыстар курамынын чечими: Адабий сынга ат үстүнөн жасалган мамиле

«РухЭш» сайты ушул жылдын сентябрь айынын башында адабий сындар боюнча конкурс жарыялап, жыйынтыгын Кыргыз адабиятынын күнүнө арналган 12-декабрда чыгарарыбызды жар салган элек. Тилекке каршы, учур адабиятындагы сын жанрына болгон мамиле эң солгун экенин биз уюштуруучу катары сездик. Адегенде бир айдан ашык убакыт күтүп да калдык: сын боюнча бир да макала келип түшкөн жок. Дагы ыракмат, аксакал калемгерибиз, белгилүү адабиятчы Абдыкерим Муратов агабыздан сурандык эле, изги адам эмеспи, улуу башын кичүү кылып баштап берди. Ырымга. Ал тургай күлүккө аралаштырмакка башкаларга да […]

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА: Мар Байжиевдин «Башкалардын бактысы» киноповестиндеги подтексттин ролу

Мар Байжиев бүгүнкү күндө өз адабий жүзү, өз үнү бар таланттуу жазуучуларыбыздын бири. Анын чыгармачылыгы көп кырдуу. Ал прозаик, драматург, киносценарист. Биринчи жыйнагы 1961-жылы «Каракурт» деген ат менен басмадан жарык көргөн. Тажрыйба топтой элек жаш автордун бул алгачкы жыйнагында кемчиликтер, айрым бир алешем калган көрүнүштөр менен катар жазуучунун чыгармачылык потенциясынан кабар берүүчү чагылдыруудагы предметтүүлүк, көркөм каражаттардын үнөмдүүлүгү, жумшак юмор, керек жерде курч какшыктын катышы байкалат. М.Байжиев – 60-жылдардагы «жаңы адабияттык генерациянын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Анын чыгармачылыгы да өзүнүн калемдеш […]

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА: Подтекст – тексттик категория

Театрдагы подтекстти К. Станиславскийдин шакирттеринин бири, таланттуу режиссер Вахтангов актерлорго мындайча түшүндүрөт: «…если кто-нибудь спрашивает у вас, который час, он этот вопрос может вам задавать при различных обстоятельствах с различными интонациями. Тот, который спрашивает, может быть не хочет в самом деле знать который именно час, но он хочет, например, дать вам понять что вы слишком засиделись и что уже поздно. Или, напротив, вы ждете доктора, и каждая минута очень дорога для вас. Можно перечислить целый длинный список таких обстоятельств и […]

Айнура Кадырманбетова: Кыргыз повесттериндеги подтекст проблемасы

КИРИШ БӨЛҮМ Бүгүнкү күндө кыргыз адабияты өнүгүүнүн жаралуу, калыптануу сыяктуу этаптарын артта калтырып, белгилүү көркөм-эстетикалык бийиктикке жетишкен убагы. Жазмасы эрте өнүккөн, батыш, чыгыш элдеринин, атап айтканда орус, немец, япон адабиятына салыштырмалуу бул бийиктик улуттук көркөм сөз өнөрүндө өтө кыска мөөнөт ичинде болду. Кыргыз адабиятындагы, аны менен бирге кыргыз адабият таануу илиминдеги жетишкендиктерди жалаң кыргыздын жеке маданий, адабий коомдук өнүгүшүнүн түшүмү катары кароо чоң жаңылыштык болор. Жакынкы күндөргө чейин кыргыз адабияты, адабият таануу илими, сыны мурдагы көп улуттуу Совет адабиятынын бир […]

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА: «Чычкан аке, суу берчи…»

(Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылык өзгөчүлүгү) 1987-жылы «Ала-Тоо» журналынын №8 санына жазуучунун «Амбарная книга» повести «Күздүн акыркы күнү» деген ат менен жарык көрдү. 1991-жылы «Муздак дубалдар» китеби чыкты. Жазуучунун айтымында «Муздак дубалдар» романы 1969-жылы эле жазылып бүтүп, соцреализм «цензурасынан» өтпөй, жарык көрбөй жаткан экен. Саясый системанын өзгөрүшү менен К.Жусубалиевге кызыгуу күч алды. Бул учур – өткөн тоталитардык системанын запкысын көп тарткан, соцреализм методу үстөмдүк кылып турган тушта эле аны кабыл албаган, жериген жазуучулар о.э. искусствонун башка тармагынын өкүлдөрү мезгил духуна жараша мурдагы […]

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА: Ак кеме» повестиндеги «чыпалак бала» жомогунун идеялык-көркөмдүк функциясы

«Ак кемени» канча ирет окусам да, көпкө чейин (көрүнүштүн анык «артериялык» байланышын аңдап түшүнгөнгө чейин) андагы «Чыпалак бала» жөнүндөгү жомоктун негизги сюжеттик окуянын өнүгүшү менен түздөн-түз байланышын көрө албай, аны повесттен алып салса деле болчудай сезиле берчү. Албетте, жазуучу бул жомок өзүнө жакканы үчүн же ушундай жомокту кичинекей каарманы биле тургандыгын көрсөтүш үчүн эле чыгармасына киргизип койбосу түшүнүктүү иш. Ошентсе да, жомок магистралдык сюжеттен обочолонуп, негизги идеялык-тематикалык мазмун үчүн сөзсүз зарылдыгы жоктой, кошумча көрүнүштөй туюлчу. Канчалык жазуучунун чеберчилигине, көркөм табит […]

Айтматовду кайрадан окуганыбызда: «Жамийла»

Ч.Айтматовдун бул повести 1958-жылы алгач «Обон» деген ат менен кыргыз тилинде («Ала-Тоо», «Кыргызстан аялдары», «Советтик «Кыргызстан»), орус тилинде «Жамийла» деп аталып (Новый мир.– 1958.-№8) жарык көргөн. Лиро романтикалык повесть. Повестти алгачкылардан болуп казак адабиятынын классиги, көрүнүктүү окумуштуу М.Ауэзов жогору баалап, жазуучуга ак жол каалайт (Литературная газета. – 1958. – 23-октябрь). Көп узабай повесть француз тилине жазуучу Луи Арагон тарабынан которулуп, «Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян» деген аталыштагы котормочунун баш сөзү менен 1959-жылы Парижден өзүнчө китеп болуп жарык көрөт. «Жамийла» […]

Айтматовду кайрадан окуганыбызда: «Бетме-Бет»

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА – 1966-жылы туулган. Адабиятчы, филология илимдеринин доктору, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери. КР Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. «Кыргыз повесттериндеги подтекст проблемасы» (2000), «Адабий кырдаал жана көркөмдүк жаңылануулар» (2009), «Кыргыз прозасы: салтттуу жана жаңычыл парадигмалар» (2014) аттуу китептердин автору. Ч.Айтматовдун бул повести алгач «Бетме-бет келгенде» деген ат менен «Ала-Тоо» журналында (1957, №6) жарык көргөн. Орус тилинде «Октябрь» журналынын 1958-жылдагы үчүнчү санына басылган. Жазуучунун повесть жанрындагы алгачкы чыгармасы. Буга чейин сегиз-тогуз […]