Немистердин жүрөгүн багындырган гений

Ирмтрауд Гучке — германиялык адабиятчы жана журналист. Ирмтрауд айым — Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсүн изилдеген үч китептин автору. Улуу кыргыз жазуучусунун чыгармаларына немис адабиятчысынын кызыгуусунун сыры эмнеде? Адабиятчы-журналист Ирмтрауд Гучке айым (Dr. Irmtraud Gutschke) — улуу кыргыз жазуучусунун чыгармаларына арналган үч эмгектин автору. “Киши жана жаратылыш Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында” деген биринчи китебин И.Гучке 26 жашында докторлук диссертациясынын негизинде жазып жарыялаган. Он жылдан кийин 1986-жылы чыккан экинчи китеби “Гуманитардык маселелер, жомоктор, мифтер. Айтматовдун чыгармаларынын мисалында” деп аталат. Быйыл эле “Турналардын убадасы. […]