Айтматовдун армандуу тагдырынан

“…Шекер кыштагы анчалык чоң эмес кыргыз кыштактарынын бири. Мени менен “Кыргызстан маданияты” газетасынан барган жолдошум азыр кыштакта курулмакчы болгон жаңы клуб, китепкана жөнүндө айтты. Алар Шекер үчүн абдан керек, себеби, бул Кыргызстандын түндүк-батышында жайгашкан кичине кыштак бүткүл дүйнөлүк адабиятка таанымал эмеспи… Шекерде китепкананын бар экендиги бардыгыбызга белгилүү. Биз ал жерге барганда, китепканада шайлоо участогу орношуптур, себеби, жергиликтүү советке шайлоо болмок экен. Ал кичине китепкана Аманбаев атындагы селолук советтин китепканасынын филиалы… Бул жерде дайыма эл көп болот экен. Алар, Чыңгыз Айтматовдун […]

Улуу Нооруз боюнча Айтматовдун айтканы жана Чубак ажынын айтканы эл таразасында…

Чыңгыз Айтматов: Гунн, түрк, хорезм жазууларын жок кылган соң араб басып алуучулары элдин рухий байлыктарын, маданиятын жана адабиятын, каада-салттарын жок кылып, аларды өздөрүнүн салттары менен алмаштырып, жер аттарын да, адам ысымдарын да арабча коё башташат. Нооруз майрамынын ордуна Курман-айт пайда болот. 28 тыбыштан турган араб жазуусу (биз 1924-жылга чейин колдонгон) бизге дал ушундай болуп келген. Ошондо биз мурдатан жыйган тарыхый аң-сезимибизди жогото баштаганбыз. Эгерде жазуубуз азырга чейин сакталып калса, биз азыр качан, кайсыл кылымда кыргыздар менен казактар бир ата-энеден төрөлүштү экен […]