Айжамал Түгөлбай кызы: Билимге эмес, аш-тойго кеткен миллиарддар

Ош облустук адмнистрациясынын маалыматына таянсак, 2017-жылы бир жыл ичинде эле Ош облусунун тургундары аш-той ѳткѳрүү үчүн жалпысынан 4 млрд. сомдон ашуун каражат сарпташкан. Ал эми болжолдуу эсеп менен жалпысынан ар бир жылы Кыргызстан аймагында аш-тойлорго 2 млрд. доллардан 3млрд. долларга чейин  каражат жумшалат экен. Бул сумма биздин мамлекеттин бүтүндөй бир жылдык бюджетинин суммасына жана ѳлкѳнүн чет элдик фонддорго болгон учурдагы  4 млрд. доллардан ашкан карызына барабар экенин айтпасак да түшүнүктүү. Кыргызстанда той өткөрүп, элден бата алуу максаты ар бир кыргыздын […]