Жазгүл Турганова: Ак чыны (конкурска №6)

АҢГЕМЕ Күндүн нуру тээ алыстан көгүлтүр-бозомтук болуп өркөчтөнгөн тоонун чокусуна мына-мына жашынайын деп калганда, машинабыз айылга жакындады. Жакындаган сайын жүрөгүмдүн согушу тездегендей, өпкөм көөп, көкүрөгүмө батпай калгандай сезилип, бир башкача кубанып барам. Албетте, ким болбосун туулуп өскөн айылына сагынып келгенде ушундай абалда болсо керек. Мына, айылга да кирдик. Айылдын чоң жолуна түшөр замат, бададан кайтып келаткан мал-жандыктар көзгө урунду. Каңылжаарды өрдөгөн тезек аралашкан көк чөптүн жыты мага ушунчалык жагымдуу сезилди. Уйларын айдаган тестиерлер бейтааныш машинаны нары сынагандай, нары таңыркагандай карап […]