Аркадий Аверченко: Акын (конкурска №13)

АҢГЕМЕ – Мырза редактор, – деди мага сырттан кирген адам, көзүн өйдө көтөрбөй бутунун башын тиктеп, – мен сиздин тынчыңызды алганым үчүн аябай оңтойсуз болуп, уялып турам. Сиздин кымбат баалуу убактыңызды алып жатканымды ойлосом, кирерге жер таппай баратам… Кудай үчүн мени кечирип коюңуз! – Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес, – дедим жумшак жылмайып, – кечирим сурабай эле коюңуз. Ал башын ылдый салып, капа болгон немедей унчукту: – Жок, андай эмес… Сизди убара кылып жатканымды жакшы түшүнөм. Мурда-кийин бирөөлөргө жабыша […]