Сулайман РЫСБАЕВ: Акыркы марал

АҢГЕМЕ Марал ак жайдын бир күнүндө эркек кер музоочук тууду. Бул анын чексиз сүйүнүчү, кубанычы эле. Ал ушуну гана күткөн, тилеген. Көздөрүнөн ысык жаш тегеренип, жүнү кургаары менен так секирип ойноп кеткен улагын карап, артынан кызганычтуу ээрчип эмчектерин ажайып ууз сүт тээп чыгат. Өзүн бактылуу энедей сезет. Анын үстүнө, эми бул жерде саны азайып туш келди сай-сайлап кеткен маралдардын тукуму да көбөймөк… Бул — өмүрдүн уланышы. Кер музоочук эртең эле өз атасы он айры бугудай толукшуп чыга келет. Анан эмки […]