Ислам – араб эмес, түрк эмес, ал – дин, а диндин улуту болбойт

Редакциядан: Учурда дин жаатында талаш-тартыш жараткан көрүнүштөргө тынчсыздануу иретинде диний коомчулук менен интеллигенция чөйрөсүн орток пикирге чакыруу максатында тегерек үстөл уюштурарыбызды жамы журтка жарыялаган элек («РухЭш» жана «Кереге кеңеш» фонду молдокелер менен прогрессчил күчтөрдү орой көз чарай кепке чакырат) Баарлашууга КР Муфтият жетекчиси Максатбек Токтомушевди; Кыргызстан Аалымдар кеңешинин төрагасы жана Кыргызстандын Ислам Университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов жана белгилүү диний аалым Чубак Жалиловду орой көз чарай кепке чакырганыбыз менен, алар жүйөөлүү себептерга байланыштуу аталган тегерек үстөлгө катыша алышкан жок. Арийне, өз […]