Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Кыргыз жазы

Жаз тууралуу ырларды сунуш кылар алдында окуучулук күндөрдөгү бир учур эске түштү. 7-класстын «Русская литература» китебинде «А.Саврасов. «Грачи прилетели» («Чар каргалар учуп келишти») деген сүрөт бар эле. Орус тил эжебиз ошол сүрөт тууралуу көп жакшы нерселерди айтып бере берчү. Ошондон уламбы, билбейм, менде орустарга жазды каргалар апкелет турбайбы деген түшүнүк пайда болгон. – Эмне үчүн ошондой чар каргалар бизде жок? – деп сурагам. Эжейимдин буга эмне деп жооп бергени бүгүн эсимде жок. Бирок биздин каргалар учса эле күн бүркөктө учарын, […]

Казак акындары Бактыгүл Чотурованын котормосунда

Олжас СУЛЕЙМЕНОВ Акылсыздын сөзү Эгерде, эненин сүтү менен Акылсыздык акса каныңда, ден соолугуң да барында, Жакшы кылыш оңой эмес, сен бар жерде, Жүргөндөй уйлар жанында… Эгер жат жерде жүрсө кадамың, Эгерде сокур болсо аялың, Мен антымды буза алмакмын өзүмдүн, Анан сага бурмакмын багытын көзүмдүн. Коркконго кош көрүнгөндөй, дилимден шумдуктардан коркуп турам бүгүн мен. – Мен катышчу дарылардын баары жаман, сыры мунун – Абышка болом кайсы кемпир болсо да, Сен чачырасаң, мен анын сыныгымын. Жолборстордун арасында жолборсмун да, Үйүндө мен маймылдардын […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: Жер муштаткан жөө ырлар

Эң алгач сөз болгон дешет. Сөз нугунан ашып-ташканда ырга айланган. Ыр-эргүүнүн, кыялдын, сезим толкунунун перзенти. А биз ырдын пири, дүйнөлүк падышасы — «Манас» жараткан элбиз. Дегеле, кыргыз сүйлөсө да ырдай элпек, уйкаш, уютуп, эргип сүйлөйт. Орустар муну «Стихи в прозе» дейт. Улуу «Манасты» да кара сөз түрүндө айткан манасчылар болгон кезинде. Жөө чечен, жөө жомокчу дейт андайды. Жөө ырлар деле ошондой. Жөн жеринен жаралбайт… * * * Таң сүрөлек, уйкум качат. Айнектен дир-дир этип, асманда жылдыз жанат. Түн ортосу. Түнөрөт […]

Ба ЖИН: Кулдун жүрөгү

АҢГЕМЕ Кытай адабиятынын корифейи. Сычуань провинциясынын Чэнду шаарында туулган. Кытай адабиятында жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер катары белгилүү. 1985-жылдан 2005-жылга чейин Кытай Жазуучулар союзунун төрагасы болгон. Ба Жин 70 жылдык адабий чыгармачылыгында 26 томду, башка элдердин адабиятынан 10 томду которгон. 1923-жылы Нанкин улуттук институтуна тапшырган. 1927–1929-жылдары Франциядан билим алган. Ушул эле жылы Кытайга кайрылып келип, 1934-жылы Жапонияга билимин өркүндөтүү курсуна барып, 1935-жылга чейин окуган. Бир нече чыгармасы башка тилдерге которулган. Чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдер Кытай кинематографиясынын казынасына зор салым кошкон. […]