Калыс Кенжебаев: Жалбырак (конкурска)

(Чоңойгусу келген балдар жана бала болгусу келген чоңдор үчүн жомок) Тереземден теребелге баш багып, үйүмдө бул сокур кишинин көзүндөй үлбүйгөн айнек алкактан башка кызык толуп жатса да, кайра тартылып карайм. Тартылганга татыктуу деле укмуш көрүнүш жок. Теребел дегенде эмне болмок: анда-санда зырылдап унаа өткөн чаң жол, жайкысын жайнаган гүлдөр болор эле, азыр кар жаңы кетип, бирин-серин байчечекей баш багып келаткан кез, анан бир да жалбырагы жок жылаңач дарак. Башка дарактар эчак бүчүр байлап, жалбырак ачып калды. А бул шордуу картаң […]

Орозбек МОЛДАЛИЕВ: КСДП бийлик башында турса, албетте, коррупцияга бийлик башындагылар аралашат

Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мурдакы чоң кызматты ээлеген үч адамдын кылмышка шектүү катары айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалганы СДПКдагы кризисти жана Жээнбековдун чечкиндүү аракеттерин көрсөтөт,- дейт саясат таануучу Орозбек Молдалиев. – Кыргызстандагы соңку чуулгандуу камоолор өлкөдөгү саясый кырдаалга кандай таасир бериши мүмкүн? – Эл бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн колдойт, күтүп жаткан. Керек болсо чыдамсыздык менен 35 коррупционердин тагдырын сурап жатышкан. Биринчиден, коррупциянын айынан турмуш кыйын болуп жатканын эл жакшы билет. Экинчиден, кеткен бийлик 2016-жылдан кийин элди […]

Төрөкан МИСКЕН: Кыяматтык карыз

АҢГЕМЕ Картаңбай чалдын илгерки өткөн бир иштен улам жүрөк өйүгөн ич күптүсү бар эле. Бул сыр ошол жабылуу бойдон кала бермек, эгерде… Ушул соңку окуя анын картайганда башына түшкөн чоң сынак болду, бирок багына баары байсалдуу бүттү. I Айыл түндүк тоолордон тээ ылдыйкы сай таманына чейин кериле кучак жайып, тепкич-тепкич болуп жайгашкан үч түзөңдүн төмөнкү экөөсүнө жайгашкан. Бул түзөңдөрдүн туурасы кенен эмес, эки жагында жардана тик түшкөн дагы эки сай бар, андагы жарыша аккан эки суу ылдыйкы чоң дайрага кошулат. […]

Кошоматчыларга күмүш сырга: Вадим Кожиновдун Евгений Евтушенконун бийликке болгон кошоматчылыгы жөнүндө жазгандарынан

(«Россия. Век XX» аттуу эки томдугунан) … 1945-жылдагы жеңишинен соң Сталинге сыйынуу арааны ашкере ачылып, жетер жерине жеткени айтылды. Анын залакасы турмуштун калың катмарына, анын ичинен адабиятка да катуу тийди. Зоболого ашкере бүгүлүп-жагынуу адабият астанасын жаңыдан аттагандардын да аң-сезимин уулап, жүрүм-турумун бийлей баштаганы жаман болду.Анын айкын мисалы – аты-жөнүн элге ашкере таанытууга жетишкен Евгений Евтушенко. Анын жазгандарын поэзиянын маанилүү кубулушу катары кароого арзыбаса да, дал ошол популярдуулугу Евтушенкону 1950–1970-жылдар тарыхындагы олуттуу кубулушка айлантты (ага баа берүү, албетте, башка маселе). Кечээ […]

Аман САСПАЕВ: Сарала ит

АҢГЕМЕ Мурда дайыма көрүп жүргөн, кадимки бир Сарала иттин өмүрү кийинки күндөргө чейин эсимде сакталып, көп ойлорду туудурду. Жандуулардан бул өңдүү жүүнү бош, өзүнө кайдыгер караган немени аз кезиктиребиз. «Дүйнөдөгү ар бир нерсе жашоо үчүн күрөшөт» дейбиз. Андай болсо анын жашап жүрүшү да күрөшсүз болбоого тийиш. Бирок Сарала иттин жашоосу андай эмес. Мени да, башкаларды да ойлонто турган нерсе ушул Сарала иттин тирүү кезинде «ау» деп бир ирет үргөнүн же бирер аял короосунан кууп чыкканда, бөйрөгүнө тийген муштумдай таштын зардабынан […]