Лев Толстой: Тыйын чычкан менен карышкыр

ТАМСИЛ Тыйын чычкан бутактан бутакка секирип жүрүп, уктап жаткан бөрүнүн үстүнө кулап түштү. Карышкыр ыргып тура калып, аны жемек болду. Тыйын чычкан жалына баштады: — Мени коё берчи… Карышкыр: — Макул, сени бошотоюн, бирок сен мага муну айт: эмнеге силер, тыйын чычкандар ушунчалык шайырсыңар? Мен үчүн убакыт дайыма көңүлсүз. Силерди карасам, өйдө жакта ар убакта ойноп-күлүп, секиргениңер секирген. Тыйын чычкан: — Адегенде мени даракка коё бер, ошондо айтам. Болбосо, сенден корком. Карышкыр аны коё берди. Тыйын чычкан бутакка чыкты да, […]

Абдиламит МАТИСАКОВ: Баткан күндү аяймын…

Турмуштан тамган тамчылар Балык дүкөнгө бирөө жетелегендей эле кирип бардым. Каяктан кирдим, эмнеге кирдим?!. Же жыргатып балык жеген жан болсом бир жөн. Той-топурдан, сый дасторкон үстүнөн көрүп калбасам атайлап үйгө балык апкелип, казан астырган жан эмесмин. Кокус, устукан баштыкта келип калса, бала-чаканын энчиси. Жо-ок, кесирлик эмес, анын бетин ары кылсын! Күндө жебесе жээрий берет деген туура окшойт… Дүкөнгө кирдим дебедимби, андан көрө ошону угуңуз. Мына, сага! Балык жечүлөрдү көрүп ал, жөө жыландай чубалган кезектин аягы кирген эшикке келип такалат. Билектей-билектей […]