Италия эл жомогу: Унутчаак көпөс

Зер буюмдарын саткан бир көпөс алыскы өлкөлөргө барып соода кылып келгени узак сапар тартып баратып, кеч киргенде жол боюндагы мейманканага түшөт. Ал атына арткан куржунун өзү түнөчү бөлмөгө алып барып койгондо анын оор салмагынан улам жерден “дүңк” эткен үн чыгат. Муну көргөн мейманкана кожойкесинин оозу ачылат, көзү чачырайт, тимеле ушул куржунга бүт дүйнөнүн байлыгы топтолгондой сезилип, өзүн жоготуп коё жаздайт. Антип турганында көпөс бай экенин далилдегенсип кымбат-кымбат тамактардан буюртмалап, шашпай отуруп жеген соң төшөктү калың салдырып, коңурукту кош тартып уйкуга […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Упчу (шедевр)

АҢГЕМЕ Тык, тык, тык… — Ким бул? — Мен Шайлоо болом. — Шайлоо боло элек болсоң, каяктан болосуң? — Зато мен болгондон кийин баары жакшы болот. — Ыя де, тилиң абдан таттуу экен, айта түшсөң. — Ооба. Куунатам, жыргатам, ырдатам, кыйратам, ыйлатам ой… — Акыркы сөзүң ачуу чындыкка окшоп кетти го, чо то. — Ооба. Мен болгондон кийин азыркы ит жашооңду эстеп алып ыйлайсың дегеним да бул. — Ыя де. Азыр эмне жумуштап келдиң анан. — Азыр мен болгуча эрмектеп […]

Авар жомогу: Түлкү  менен  каз

Күндөрдүн бир күнүндө түлкү менен каз чогуу жашай баштайт. Мунун эң жакшы жери — бири тамак издеп кеткенде, бири балдарды карап калмак болот. Ушинтип ынтымак менен бир топ убакыт жашашты. Бир күнү каз токойго тамак издеп кетип, түлкү балдарды карап калды. Күн ачык-жарык болгондуктан ал өзүнүн бачкилери менен каздын жөжөлөрүн сыртка ойнотуп чыкты. Курсагы ачкан түлкү чыдабай кетип бир жөжөнү жеп алды. Каз кайтып келип, түлкүдөн сурайт: — Мен жокто эмне жаңылык болду, балдарыбыз кандай? — Ишибиз чатак, — деп […]

Түрк жомогу: Падыша менен вазир

Бир күнү падышага бир кайырчы дербиш келип мындай дейт: — О шах! Мен бир сыйкырдуу сөздү билем. Эгер мен ал сөздү айтчу болсом менин жаным каалаган жансыз денеге көчүп кетет. Шах өлгөн казды алып келүүнү буйрук кылып, ал алынып келингенде мындай дейт: — Кана көрөлүчү, сенин жаның ушул казга өтө алар бекен? Дербиш сыйкырдуу сөздү күбүрөнгөндө каз дароо эле жанданып, ал эми дербиш өлүп калат. Муну көргөн падыша абдан таңгалды. Ал эми бөлмө ичинде каркылдап жүргөн каз кайра эле баягы […]

Кыйтырдын кеңеши

Дат жомогу Ютландияда колдон суурулган эки алдамчы жашашыптыр. Биринин  эл койгон ылакап аты Шыпыр, экинчисиники Кыйтыр экен. Экөөнүн кылган иштери  алдамай болгону менен бири бирин таанышчу эмес тура.  Бирок алар акыры жолугушушуп,  алдамчылыктарын сынашып, ал мындайча болуптур. Бир жолу кайран Шыпыр бир эле уюн жети касапчыга сатып акчасын жок кылат. Бирок бул жолу ал канчалык далбастаса дагы жети жагынан жети касапчы жети ач  карышкырдай талап, соттун алдына алып  барышат. Башы менен жер сүзсө дагы түзүк ой,  оң арга таппаган Шыпыр […]