Мурза ГАПАРОВ: Аялдардын деңизи

АҢГЕМЕ Жолон Мамытовдун арбагына арнаймын. Она пришла залитъ водой мой огонъ, Когда мой прах развеялся по ветру. (Ахмад Мирза Нийази ) Саратандын айлуу түнүндө аягы суюк аялдардын аралынан алты аял качып чыгышты. Алтоо бир кайыкка тыгылып отурушуп, шашып-бушуп жанталпезге түшүп, деңиздин алыскы жээгин көздөй сүзүп жөнөштү. Арадан жарым саат өтүп-өтпөй алдыларынан жыныс оорусу менен ооруган аялдардын аралы көрүндү, кийин жин тийген аялдардын аралын жандап өтүштү, гулгуна оорусу менен күн кечирген аялдардын аралын, кылмыш кылып кесилген аялдардын аралын аралап артка калтырышты. […]

Лев Толстой: Токойдо жамгыр алдында калганым

АҢГЕМЕ Кичине бала кезимде козу карынга жиберишти. Токойго жетип, козу карын терип бүттүм. Эми үйгө кайтайын дегенимде бир заматта эле  асман алай-дүлөй караңгылап, күн күркүрөп, жамгыр башталды. Коркуп кеттим. Бир бай түп эмендин алдына корголоп отура калдым. Чагылган ушунчалык катуу чагылды. Көзүм караңгылап, ооруганынан улам жума калдым. Үстү жактан карс-курс үн чыгып, анан башыма  бир нерсе тийгендей болду. Жыгылып түштүм. Ошо бойдон жамгыр басылганда гана турдум. Өзүмө келип карасам, токойдогу дарактардын баарынан суу тамчылап атыптыр. Куштар сайрап, күн күлүңдөп туруптур. […]