Валерий Карышев: Александр Солоник – мафиянын киллери

1-2-главалары>>>> 3-4-главалары>>>> 5-6-7-главалары>>>> 8-9-главалар>>>> 10-глава Кгбышник куратор кол алдындагы адамдын ишине абдан ыраазы эле. Мунусу Солониктин айткандарын кунт коюп угуп отуруп, ыраазы боло жылмайганынан көрүнүп турду. — Так мына ушул жерден кененирек айтып берсеңиз, Титенков менен Гавриловдун сары изине кантип түштүңүз? Саша жооп бергенге ашыкпады, шашпай терезеге басып келди да парданы ачып, ылдый карап койду. Керек болсо күтө турат деди ичинен. Анткени кудуреттүү сезилген бул адамды өз эркине багындырганга каалоосу бар эле, ансыз да ал Сашаны тизелетип, анын калган өмүрүн […]

Валерий Карышев: Александр Солоник – мафиянын киллери

Кириш сөз Мен мындай адабий чыгарма жазам деп эч ойлобопмун. Бирок тагдырдын амири менен мага россиялык киллерлердин ичинен эң белгилүүсү жана табышмактуусу, кримавторитеттердин жана милиция кызматкерлеринин буюртма өлүмү боюнча айып тагылган Александр Солониктин адвокаты болууга туура келди. Камакка алынгандан соң «Матросская тишина» тергөө изоляторунун атайын корпусуна түшкөн А. Солоник өзүн толук коопсузмун деп сезе албай койду. Анан кантсин, төбөсүндө аз эмес, көп да эмес, өлүмгө буйруган үч өкүм асылып турат, биринчиси — соттуку, экинчиси – кесиптештеринен айрылган милиция кызматкерлериники, ал […]