Тарых: Турдукожоевдин күнү бүгүн эскирбеген 6 жыл мурдагы АША жөнүндө маеги

Кылдан кыйкым издеп турат кыргыз. Билип билбей, көрүп көрбөй – ооздун желин бүркүп коё берет. Белгилүү журналист жана юрист Жыргалбек Турдукожоевдин жакында «Жаңы Ордо” гезитине (2018-ж. 6-апрель), «Өлкөбүздөгү туруктуулукту эки революция аркылуу кыргыз эли камсыз кылды» аттуу маеги жарыяланса, аны кээси «эмнеге алты жыл бою унчукпай келип, эми тил чыгып калдыбы» деген апазда үн каткандарга жооп болсун үчүн Турдукожоевдин 2012-жылы 6-майда «24.кg» сайтына жарыяланган маегин кайталоону эп көрдүк. Ага улай «Алсыздыктын жана жалгыздыктын 100 күнү» аттуу 16-март, 2012-ж. “Алиби” гезитине […]