Жусуп Абдрахманов жана анын дагы бир мурасы «Кыргызстан » китеби

Кыргызстандын биринчи Республикасынын биринчи Премьер-министри Жусуп Абдрахмановдун 1928-жылы Кыргызстан мамлекеттик басмасынан чыккан «Кыргызстан» деген китеби 2018-жылы кайрадан жарык көрдү. Китеп араб арибинде жазылган. Биз анын «Күндөлүктөрүнөн» жакшы билгендей, Жусуп Абдрахманов чыгармаларын, докладдарын өзү жазган. Ошол китепти азыркы кыргыз алфавитине оодарып, басмадан чыгаруу ишке ашырылды. Китеп тууралуу кепке өтөөрдөн мурда бир-эки жагдайга токтоло кетейин. Биз бу жерде эки аныктаманы колдондук. Биринчи — бул «Биринчи Республика» жана экинчиси — «Азыркы кыргыз улуттук мамлекетин негиздөөчүлөр». Аталган терминдерди стилистикалык кооздук үчүн же ашынган патриотизмден […]

Алмаз Кулматов: Салтта жок нерселер салтка айланганда эмне болот?

Бул макаланы жазууга себептер жетиштүү. Макала эмес, бүтүндөй мамлекеттик саясаттын актуалдуу багыты катары эсептеп, ага шайкеш, жоопкерчиликтүү иштерди аткарууга жана стратегиялык кадамдарды жасоого өбөлгө түзгөн жагдайларды тана албайбыз. Кеп оролу элди эл, журтту журт кылган кыргыз салттары жөнүндө. Азыр эле жайдак жерге кокус асмандан түшкөнсүп танып, көктө жүргөнсүгөн айрымдар чанып, билбегендер бурмалап, атайылап жерип жаткан, чындыгында биздин барчылыгыбызды шарттап келген нукура каада-салттарга карата мамиле тууралуу кеп болмокчу. Ар кандай деӊгээлдердеги жана форматтардагы талкууларда удулу келгенде айта келген сөзүмдү дагы бир […]