Торко-чачак

Алтай жомогу Бир кыз жашаптыр, аны Жибек чачы – Торко-чачак деп аташчу. Көздөрү карагаттай, каштары – иймейип күн желесиндей. Чачтарына таккан үлүл кабыгы жалтырап, топусунда жибек чачысы бар эле, анысы апаппак, тим эле ай жарыгындай ажайып. Бир жолу кыздын атасы ооруп калды. Ошондо апасы кызына айтат: — Ак боз атыңды токуп мин да кызым, ушул дайранын тээ төмөн айылындагы Телдекбай каманы* чакырып кел, атам ооруп атат, көрүп бериңиз де! Кыз маңдайында кашкасы бар ак боз атты минди, сол колуна чылбырды […]

Эки кыл кийим

Алтай жомогу Жылымык тарткан жазгы күнгө жана заардуу баардын шамалына кыш бою жаткан кар туруштук бере албай чет-четинен сөгүлө баштады. Анан бат эле жер карарып, чөпкө жан кирди. Жаныбарлар да, канаттуу куштар да – бары эле жаз келгенге көңүлдөрү шат, делебелери куунак. Бир гана ак коён сумсайыңкы, ат түгүл ыйлап да алган: — Аппак кар, аппак кар, кете көрбө! Мени, ак коёнду, таштай көрбө! Сенин ак жүндөрүң менен мен бүт кыш бою душмандарымдан коргонбодум беле… Эми мына бул кара жерде, […]

Сараң кереңкур

Алтай жомогу Ак кайыңдар күмүш бариктерин күүп, карагайлар алтын ийнелерин заардуу шамалга алдырып, асмандан муздак жамгырлар тез-тез жаап, бул аймактарга жай өтүп, күз келди. Канаттууларды бул жерлерге билинбей басып кирген күз жүдөтүп, жылуу жактар эңсетип туруп алды. Жети күн токой четинде алар жыйын өткөрүп, жети күн тең бирин бири жоктоп атты: — Баарыңар ушундасыңарбы? Эч ким калбай келдиби? Ким бар да, ким жок, тактагыла? Баары бар да бир гана кереңкурдун карааны көрүнбөйт, доошу угулбайт. Каарданган бүркүт иймекей курч тумшугу менен […]

Берешен кедр чымчык

Алтай жомогу Күзгө жуук күрөң аюу өлө семирип, жатып ичер жалкоо болду, жүнү майлагандай жалтырап, көргөндүн көз жоосун алат. Токойдо ал басар-баспас болуп араң эле кыймылдайт, жаткан карагайларды көрсө аттагандан эринип, айланып өтөт. Токойдун бир жайыгынын ортосунда килтейген кедр[1] өсүп турган. Анын тобурчактары аябай эле салмактуу келип, ошол салмагы кедрдин бутактарын жерге самсаалатып ийип, өзүнчө эле бир башкача. Күрөң аюу ошол кедрдин алдына келип, тилин жаланып, шилекейин агызып, үшкүрүнө ойлонот: «Ушул тобурчактын ичинде укумуштай даамдуу мөмөсү болсо керек ээ…» Ошентип […]

Коркунучтуу конок

Алтай жомогу Бир кашкулак болуптур. Ал күнү бою уктап, түнү болсо жортуп ууга чыкчу экен. Ошондой күндөрдүн, тагыраагы, түндөрдүн биринде ошол кашкулак оокат издеп чыгат. Эптеп аны-муну таап, жалмалап жеп, курсагын тойгузганча таң атып кетет. Күн чыкканда ийиниме жетип барайын деп шашып жөнөйт. Киши көзүнө чалдыкпай, иттерден жашырынып, кайсыл жер көлөкө болсо, кайсыл жер кара болсо ошерди тандап жүрүп отурду. Ошентип атып турагына да жетти. — Хрр… Бррр… – Бир убакта эле ушундай түшүнүксүз доошту угуп, элейип туруп калды. «Бул […]

Бурундук[1] кантип кооз кийинди?

Алтай жомогу Кыш бою күрөң аюу чээнде уктап жатты. Сары чымчык жаз келгенин кабарлап ырын төгө баштаганда гана ал өзүнө келип, караңгы ийинден каалгып чыгып, алаканы менен күндөн калкаланып, чүчкүрүнүп, өзүнө өзү каранды: — Э-э-э, мен кандай гана арыктап калгамын… Узак кышта эч бир наар алган жокмун да… Анын сүйүктүү азыгы – кедр жаңгагы. А эң эле жакшы көргөн кедри өзүнүн эле чээнинин жанындагы алты кулач алп дарак. Бутактары абдан жыш, ийне жалбырактары жибек сымал жалтырайт, анын арасынан тамчы жаан […]