Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Алыкулдун “Жибек кийген эрке кызы”,  же адамдын адамдык трагедиясы

Адабий сын,  адабият таануу Өзүнүн турган турпаты менен табышмактуу да,   сырдуу да жана татаал да кубулуш — бул текст болуп саналат.   Ошондуктан айрым окумуштуулар тексттин табият-дүйнөсүн лингвистикалык космос деп атап,  демек,  космоско теңеп,  адамзат жашап турганда, ал изилдене берерин белгилеп жүрүшөт.  Текст ар кыл болору белгилүү, ошолордун ичинде көркөм текст өзгөчө орунда турат, мунун сыры “түгөнгөн сайын түтөй” бергендигинде жатабы дейм.  Чындыгында эле, нукура көркөм чыгарманы изилдеп аягына чыгуу мүмкүн эмес, аны улам-улам иликтеген сайын,  улам бир жаңы өңүтү ачылып, […]

Салижан ЖИГИТОВ: Акын ачкан дүйнөлөр (2-бөлүк)

<<<<<<<<<<<<<<<Башы ушул шилтемеде «Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн» дегендей, кайсыл гана акын ашыглык жайынан сөз козгобойт! Ыр жазгандардын сырдаштык лирикадан кыйчалыш өткөнү кемде-кем эле табылса керек. Алардын бир даары чын эле сүйүү отуна күйүп тургандан ыр чыгарат, сүйгөн жарына деген жаркын мээримин, ар кыл ой-сезимдерин, тарткан азаптарын, күйүттүү армандарын илептүү ыр саптары аркылуу жарыя айтат. Бирок кээ бир акындар өздөрү сүйүү машакатын башынан өткөрбөсө деле, ашыглык сезиминен ичи элжиреп же буулугуп турбаса деле ошо чындап күйгөн акындарга таасирленип ыр жаза […]