Жек ЛОНДОН: Жомоктун аягы

АҢГЕМЕ Карта ойногондор карагайдан колго сомдолуп жасалган столдун одур-будур үстү менен картаны баскан сайын өздөрүн карай жылдырып убара болуп жатышты. Баары жалаң көйнөкчөн, беттеринен ылдый шорголоп тер агып турат, бирок калың чарык менен жүн байпактар кандайдыр суукка туруштук бере албай буттары какшайт. Бул кичинекей үйдөгү аба ырайынын айырмасы мына ушундай болучу. Юкон темир меши кызарганча дуулдап күйүп жатса да, андан сегиз кадам аралыкта — эшикке жакын жерге, ылдыйраак кагылган жыгач текчедеги бугунун жана чочконун чала туздалган эттери зыңкыйып тоңуп турат. […]

Индонезия жомогу: Мышык менен маймылдар

Бир жолу бир мышык жол тартып келатып, көзүнө көрүнгөн жандын баарын алдаптыр. Бара түшкөндө ага маймылдар жолугуп калышты. Алар чоң дарактын бутагында илинип турган аарылардын уюгун карап турушкан эле. Мышыктан сурашты: — Айтсаң мышык аке, тээтигил бутакта илинип турган эмне? — Оо, ал менин чоң атамдын барабаны. — А анын үнү катуу чыгабы? — деп сурашты маймылдар. — Албетте! — деп кууланды мышык. — Эгер аны бир эле урсаң, бүт өлкө угат. — Биз уруп көрсөк болобу? — Ой, жок, […]