Аман САСПАЕВ: Туура жооп

АҢГЕМЕ Кечке маал, газеталарды оодарып карап отурган он беш жашар уулум менин жаныма газетанын бир санын көтөрүп келди. Мен бирдеме жазымыш болуп үстөлүмдө отургам. – Папа, бир газетада карама-каршы эки пикирди бирдей кубаттап да жаза беришеби? – деп сурады ал. Мен калемимди ары коюп, бир аз ойлонуп калдым. Албетте, сегизинчи класста окуп, азамат болуп калган балага ойлоп жооп берүүгө туура келди. – Мүмкүн, жаңылыштык чыгаар. – Жок, папа, атайын… «Анда, көрөлүчү» – дедим да газетаны колума алдым. Бала сөөмөйү менен […]

Аман САСПАЕВ: Кайтып келүү

АҢГЕМЕ Сереңбай деген жигит Кашымды көп урат. Кашым болсо, айылдагы кадыресе келиндердин бири. Бирок ал өзүнүн күлгүн жаштыгын, туңгуч сүйүүсүн арнап деп коёлук… Сереңбай менен жашаганына беш жылга аяк басты. Бул беш жыл – чындыгын айтканда, өзүн чырмаган, бактысыздык жылдары болду. Ал эми Сереңбайдын өзү барып турган эси жок жигиттерден эмес. Жүрүм-туруму, айткан сөздөрү башка жигиттерден көп айырмаланбайт. Анын бир эле «арзыбаган» жаман адаты бар – ичет! Ал ичип үйгө келип, босогодон теңселе аттаганда, Кашым кекиликтей жорголой баштайт. Бир кездери […]

Аман САСПАЕВ: Каныкейдин алтын билериги (классика)

АҢГЕМЕ Улуу даражалуу балгер, дөргө Эрликхан: «О, Манибатмахум!» деп колун таяна аюу талпагынан өөдө турду. Кечинде ал Чадан — бутканага барып, шам түбүндө Латманатка сыйынып, зулхурал жасоого ниеттенип отурган. Чакыра келген жоокер ийменип, босогодон жылган жок. Дөргө бүкүрөйө басып, эшикке жакындаганда, карылык азабынан кышылдап, бучкактагы көк жибекке оролгон калың китепти зорго алды. Жоокер жардамдашмак болду эле, дөргө көзүн жуумп, сол колу менен жай гана «тийбе!» деген ишарат көрсөттү. Анан: — Хан жалгызбы? — деди ал тилин шылпылдата. — Улуу даражалуум, […]

Кыргыз аңгемесинин классиги

«РухЭш» сайтынан: Жакында таланттуу кыргыз кара сөзчүсү Аман Саспаевдин «Сарала ит. Аңгемелер» деген китеби жарык көрдү. Китепти түзүү, баш сөзүн жазуу жана редакциялоо түйшүгүн адабиятчы Абдыкерим Муратов ишке ашырган. Чыгаруунун каржылык көмөгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия өз мойнуна алган жана өлкөнүн китепканаларына акысыз таркатылмай болууда. Биз окурмандарыбызга мына ошол китепке жазылган баш сөздү тартуулайбыз жана кези келгенде жазуучунун аңгемелеринен сунуш кылып турабыз. Аман Саспаевдин жазуучулук тагдырында кыргыздын көпчүлүк сөз чеберлерине окшобогон бир турмуштук жагдай бар: […]

Михаил НУАЙМЕ: Өтүнүч

НОВЕЛЛА Башкы редактор өзүнө өзү ачууланып, телефон аппаратына асыла кетти. Мына, эки сааттан бери өзү кирген партиянын кандидаты жөнүндө макала жазам деп убараланууда. Бирок эч нерсе жазалчу туру жок. Ал он нече бет бирдемелерди чиймелемиш болгон, бирок жакшы чыкпаганы үчүн аларды тытып ыргытты. Эркинирээк отуруп, ишке киришүүгө шарт жок! Мынабул каргыш тийген телефон кем эсептегенде жыйырма жолу шынгырады. Чындыгында, өкүнүчтүү эле, эгер колума телефон трубкасы эмес таш тийип калган болсо, оюмду бузуп, тынчтык бербегендердин чокусуна коюп калар элем,- деп ойлоду […]

Аман САСПАЕВ: Фергана баяны жөнүндө

Жазуучунун жан дептеринен Кытайдын өтө көрүнүктүү тарыхчысы Сыма Чиендин мындан 21 кылым илгери жазган «Шыжи» («Тарыхый жазмалар») аттуу 130 томдон турган тарыхый китептер сериясынын 123-томунун «Фергана жөнүндө баян» деген 63-бабы, кытай тилинен кыргыз тилине, кыязы, туңгуч ирет которулуп отурат. Бул тарых толугу менен Батыш элдеринин тилдерине, ошондой эле орус тилине да которулган болушу мүмкүн. Анткени ХVIII–ХIХ кылымдардагы Батыш элдеринин жаңы колонияларга арааны аябай ачылып, таманы тийген жерлердеги элдерди жакшылап билип, максаттарына ылайык саясат колдонуунун зарылдыгы, ал элдерге алды менен миссионерлерди, […]

Аман САСПАЕВ: Сарала ит

АҢГЕМЕ Мурда дайыма көрүп жүргөн, кадимки бир Сарала иттин өмүрү кийинки күндөргө чейин эсимде сакталып, көп ойлорду туудурду. Жандуулардан бул өңдүү жүүнү бош, өзүнө кайдыгер караган немени аз кезиктиребиз. «Дүйнөдөгү ар бир нерсе жашоо үчүн күрөшөт» дейбиз. Андай болсо анын жашап жүрүшү да күрөшсүз болбоого тийиш. Бирок Сарала иттин жашоосу андай эмес. Мени да, башкаларды да ойлонто турган нерсе ушул Сарала иттин тирүү кезинде «ау» деп бир ирет үргөнүн же бирер аял короосунан кууп чыкканда, бөйрөгүнө тийген муштумдай таштын зардабынан […]

Аман САСПАЕВ: Бүгүнкү кытай авторлору байыркы кыргыздар жөнүндө

Элүүнчү жылдары Үрүмчүдөгү «Эл басмасында» бирге иштешкен уйгур жолдошторум «Кызыл-Суу кыргыз автоном областы жөнүндө обзор» деген кытай тилинде бир китеп жиберишиптир. Китеп 1985-жылы жарык көргөн. Окуп көрсөм, кытай авторлору кыргыз областынын боштондуктан кийинки жалпы абалына кеңири токтолуп, кыргыздардын байыркы тарыхына да бир аз орун беришиптир. Байыркы кытай жылнаамаларына (летопистерине) таянып, кыргыздар жөнүндө эмнелер айтылгандыгына кызыгуучу окурмандар үчүн кыргыз тарыхына тиешелүү тексттерди которуп жарыялоону ылайык таптым. Байыркы гунндар менен түрк тилинде сүйлөгөн уруулардын тарыхын изилдөөчү окумуштуулардан кытай булактарына кайрылбаганы жокко эсе. […]

Монголдордун купуя тарыхы (ТӨРТҮНЧҮ БАП)

(1-БАП), (2-БАП) жана (3-БАП) ушул шилтемелерде Кытай тилинен которгон Аман САСПАЕВ 127. Ал кыйса, Темүрчин Аркай Касар, Чагуркан экөөнү Жамуканын алдына элчиликке жиберди. Темүрчиндин хан болгонун уккан Жамука: – Силер барып Алтун менен Кучар экөөнө мынабу сөздөрдү жеткизгиле,– деди ал. «Алтун, Кучар экөөңөр Темүрчин андам өкөөбүздүн ортобузда жүрүп, эмне үчүн андамдын белине сүзүп, андамдын кабыргасына сайып, бизди ажыратасыңар? Арабызга суукчулук түшпөй жакшы жүргөн учурларда эмне үчүн аны хан шайлаган эмессиңер? Бүгүнкү күндө кандай максат менен аны хан шайлап алдыңар? Алтун, Кучар экөөңөр […]

Монголдордун купуя тарыхы (ҮЧҮНЧҮ БАП)

(1-БАП) жана (2-БАП) ушул шилтемелерде Кытай тилинен которгон Аман САСПАЕВ Алкыйса, Темүрчин Бурхан Халдун тоосуна сыйынып болгондон кийин Касар, Белгүтейлер менен акылдашып, Тула (Тугла) дарыясынын боюндагы Каратүн деген жерде олтурушкан Керейлердин Ваң Ханы Тогрулду издеп келишти да ага: – Үч меркит кокусунан басып кирип катын, бала-чакамды олжолоп кетишти! Хан ата, сизден бала-чакамды куткарып беришиңизди суранып келдим,– деди. – Былтыр сага айткандарым эсиңдеби?– деди Ваң Хан Тогрул Темүрчиндин сөзүнөн кийин. Сен: «Атам тирүү кезинде сиз менен антташкан дос болуп өткөн экен. Ошол […]

Монголдордун купуя тарыхы (ЭКИНЧИ БАП)

БИРИНЧИ БАП ушул шилтемеде Алкыйса, Меңлик Йесүгей Батурдун осуяты боюнча Дей Сечендин үйүнө келип: – Йесүгей абам Темүрчинди сагынып, тынчсызданып жатат. Ошон үчүн аны алып келүүгө мени жиберди,– деди Меңлик. – Йесүгей кудам баласын сагынган болсо, сени менен барып учурашып келсин. Бирок учурашкандан кийин эле дароо кайра келе турган болсун, – деди Дэй Сечен. Ошентип, Меңлик Темүрчинди алып келди. Ошол жылы көктөмдө, Амбагайдын Хатуну Өрбай менен Сокатай экөө ата-бабаларынын мүрзөсүнө барып назирдик тамак-аш бышырышты. Өлүн Ужин кечигип калды. Алар аны […]

Аман САСПАЕВ: Дүйнөдө эч бир сулуулукту аялзатына теңебейм

Анда 2012-жыл. Сыртта — алашалбыр жаз. Аман ава сексен эки жашка таяп калган учуру. Караколдон Бишкекке келиптир. «Жаңы Ала-Тоо» журналына акыркы жылдарда жараткан эмгектерин жарыялоо үчүн атайы ат арытып келгенин кобурап отурду. Бул маек ошондо алынып, «Dе-факто» гезитине (23-февраль, 2012-жыл) жарыяланган. Карасөз чебери менен болгон акыркы кезигишүүм ошол болуп калды… – Аман ава, биринчиден сексен жаштан ашканыңызга карабай демдүү жүргөнүңүзгө кубансам, экинчиден сиздей прозанын мастери менен минтип маңдай-тескей отурганыбызга кубанычтамын. Себеби кыргыз адабиятында чыгармачылык чоң потенциалыңыз ачылганы менен чыгармачылык лабораторияңызды адабиятчыларыбыз […]