Аман Токтогулов: Көркөм сөз милдети[I]

Кыргыз поэзиясынын форма жагынан болгон мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө беш-алты жыл бою жүргөн талаш-тартыштар да дымыгансып калды. Неси болсо да, бул талаш-тартышта: жаңыча мазмунга жаңыча форманын талап кылынышы, улуттук традициялардын арсеналынан жемиштүү пайдалануу, көркөм ой жүгүртүүнүн союздук жана дүйнөлүк бийиктиктерин ориентир кармоо сыяктуу бир катар маселелердин ортого коюлушу адабиятыбыз үчүн жаман болгон жок. Дегинкисинде, маселенин төркүнүн теориялык жактан негиздеп коюуда кыйла пайдасы болгону менен бир катар учурларда энергияны курулай зарптаган мындай полемикага алаксып олтурбай, чыгармачылыктын өз законуна жол берип, ошондон майнап чыгара […]

Аман Токтогулов: Азыркы поэзиябыздын айрым маселелери[1]

Акындарга берилген үч суроо — акындардын арасында болсун, адабиятчы, сынчылардын арасында болсун, ал тургай катардагы ыр окуучуларга чейин тез эле жандуу реакция туудуруп, газета бетиндеги олуттуу дискуссияга айланып чыга келди. Талкуу азыркы күндөгү кыргыз поэзиясынын абалы, анын проблемалары, мазмун менен форманын, традиция менен новаторлуктук диалектикасы, алардын өнүгүш закон ченемдүүлүктөрү, ж.б. маселелер жөнүндө кененирээк ой жүгүртүүгө, пикир алмашууга шарт түзүп берди. Бирок, берилген жооптордун бардыгында эле тегиз теориялык жактан терең даярдык, калыс объективдүүлүк сезиле берген жок. Мунун өзү түшүнүктүү — бул […]

Аман Токтогулов: Кардиограмма[1]

Белгилүү афоризмди перефразаласак, дүйнөдө жаман поэзия жок, жаман акын бар болуп чыгат. Сөз «экинчи жаратылышты», көркөм дүйнөнү, образдарды жарата ала турган, поэзиянын объективдүү өнүгүүсүнө тиги же бул деңгээлде түрткү, өбөлгө боло алган субъективдүү мүмкүнчүлүктөр жөнүндө болуп жатат. Кыргыз поэзиясынын өнүгүшү үчүн практикалык жактан болсун, теориялык жактан болсун көрүлгөн камдын түпкүрүндө албетте халтурага каршы күрөш бар. Ар мезгилдин поэзиясынын өзүнүн бийиктери, ошого жараша халтурасы болот. Кечээ жаңылык катары көрүнгөн поэзия бүгүн катардагы эле ырлар, а түгүл кечээ учурдун милдетин өтөгөнсүп жүргөнсүгөн, […]

Калык Ибраимов адабияттан кантип алыстаган?

Биз адабияттын астанасын жаңыдан аттаган жылдары коомчулукта кыргыз адабиятынын Белинский, Чернишевскийи сыяктуу жаңы мууну өсүп келатат деген ишеним жаралган. Ал ишенимдеги адабиятчылар: Аман Токтогулов, Калык Ибраимов, Каныбек Эдилбаев деген кырктын кырындагы зыңкыйган агаларыбыз эле. Дуңку сезимдеги биздей кенже муунга бул ысымдар чыгармачылык ориентир болчу. Тагдыр экен, ориентирден эрте ажырадык… Адегенде А.Токтогуловго Ашым Жакыпбеков агабыз некролог жазып: “Сени көз жумуп кетет деген шумдук кимдин түшүнө кирмек? Жубарымбек, неге эрте кеттиң?!” деп каңырыгы түтөгөн эле. Даа… чынында Аман Токтогулов кырчынында жер жазданды, […]

Расул ГАМЗАТОВ: Менин Дагестаным

Р.Гамзатов (1923–2003) Дагстандын Хунзах районундагы Цада айылында Эл акынынын үйүндө туулган. Мугалим, журн а л и с т б о л у п и ш т е п , Москвадагы Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Көптөгөн эл аралык коомдук иштерди аркалаган. Социалисттик эмгектин баатыры (1974), Лениндик сыйлыктын лауреаты (1963). 1952-жылы Сталиндик сыйлык ыйгарылган. Көптөгөн дүйнөлүк сыйлыктардын ээси. Бу китептин формасы. Китептин кандайча жазылары жөнүндө… Дайым кында жата берсе, канжарды дат басат. Дайым уктай берсе, жигитти май басат. Канжардагы жазуу Сапталчу […]

Алым Токтомушев таап чыккан мурастардан

Жарды, жалындуу, бактылуу, таланттуу жаштар эле. Көбү кетип, азы калды. Азы көч арасында жүрү, көбү жер алдында чиренип уктап жатыры. Ошондой тура, бири кетип, бири калат экен. Үрккөн таранчыдай «пыр-р» этип учуп, «дүр-р» этип ушул жерге конуп калгандай жандар эле. Ушул жер дегенибиз – азыркы Орто-Сай базарынын күн батыш ыптасы. Азыр тогуз кабат үйлөр турбайбы, ташказанын салаңдатып. Ошолордун ордуна бир кезде, алаңгар 60-жылдын акыр ченинде ийреңдеген-мийреңдеген көчө түшкөн. Бири-биринен кыйынсып, кырданып моюн созгон үй жок, топурактан салынып, толь менен жабылган, […]

Түгөлбай Казаковдун алтын балалыгы кандай өткөн?

ЭССЕ * * * …Тагдыр эки адамды кошпойм десе жөөлөшүп турган жеринен адаштырат да, жолуктурам десе жердин түбүнөн айдап келип көрүштүрөт тура… Мен Таласка баратканда дайыма Меркеге токтоп өтөт элем. Аерде таанышым деле жок. Калаанын көрө турган деле эчтемеси жок. Токтогондо кыйратып кылар ишим да жок. Эстекем ырдагандай, кетейин десем кетким келбей, кандайдыр бир күч мени жибербей, бирде жок издегенсип эл аралап, бирде бирөөнү күткөнсүп чай ичип отурчумун. Бир ирет жөнөй берерде бир карыя: «Карагым, Жамбылга чейин ала кетсең кантет?» […]