Амирбек Азам уулу: Эстетикалык табитти ким тарбиялайт?

“Феминнале” көргөзмөсүнө байланыштуу чатак 1917-жылы Нью-Йорктогу көргөзмөгө коюлбай калган писсуардын тарыхын эсиме салды. Ал тарыхта “Дюшандын фонтаны” деген ат менен белгилүү. Ошондо Нью-Йорктун көз карандысыз сүрөткерлер коому писсуарды көркөм чыгарма катары көргөзмөгө койсо болбойт, анткени көркөм чыгарма үчүн писсуар өтө эле опсуз, опсолоң деп чечкен. Бирок сүрөткерлердин эстетикалык табити өзгөрүп, киши колунан жаралган ар кандай затты чыгарма катары кароо концепциясы коомдо кеңири жайылгандан кийин жанагы писсуарларга кудай берди! Марсель Дюшан көргөзмөгө сунуш кылган писсуардын ондон ашык көчүрмөсү жасалып, абройлуу музейлерде […]

Кытайдын кулачы, Орусиянын «оюну»

Дүйнөнүн саясий картасы. Хажиме Нарукава көркөмдөгөн карта 2016-жылы эң баалуу мыкты дизайн сыйлыгына татыган. Кыргыздар саясатка жакын эл. Бул сапат кыргыз тилиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган темаларга назар салганда эле байкалат. Элге кызыксыз болсо, саясатың кургурга жергиликтүү ЖМК мынчалык көңүл бурбайт эле! Бирок электрондук медиада болсун, гезиттерде болсун геосаясатка орчундуу орун берилбейт. Ушундай жүйөдөн улам эл аралык саясат боюнча адистешкен британ журналисти, жазуучу Тим Маршаллдын соңку китебинин Орусия, Кытай, Индия жана Пакистанга арналган баптары менен окурмандарды азыноолак тааныштырганды эп көрдүм. […]

Амирбек АЗАМ уулу: Тарых биз менен жашайт…

“Рух Эш” интернет басылмасында Абдыкерим Муратовдун “Сунулган баш… Суурулган кылыч…” тарыхый романынан Маадаминбектин өлүмүнө байланыштуу үзүндү жарыяланды. Аалым-жазуучу бул романда белгилүү кызыл командир Мадаминбектин өлүмү тууралуу электрондук маалымат булактарында жана совет мезгилинде чыккан адабияттарды, анын ичинде Төлөгөн Касымбековдун айтылуу “Келкел” тарыхый романындагы маалыматтарды төгүндөйт. “Келкелде” Мадаминбек Тамаша кыштагында (бүгүн Кадамжай районунда) буктурмага кабылып, атышып жатып  өлөт. Мындай версия жаңылыш экенин “Азаттык” радиосуна 2012-жылы жарыяланган изилдөөмдө жазгам. (Караңыз:  https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_literature_history_madaminbek_death_research/24530238.html) Жана А. Муратов өз изилдөөлөрүнө таянып, Мадаминбек бүгүнкү Испайрам өрөөнүндөгү Шыгай айылында (Кадамжай […]

Аудио: Сыйкырдуу сюрреализм же Рене Магриттин карама каршы дүйнөсү

Рене Магритт 20-кылымдын көрүнүктүү сүрөтчүлөрүнүн көч алдындагы жоон тобуна кирет. Магриттин ысымы сүрөтчүлөр чөйрөсүндө фантастикалык сюрреализмдин лөгү Сальвадор Дали менен кошо айтылат. Бирок Рене Магритт өзү картиналарымды магиялык сюрреализм стилинде тартам деген. Магриттин карама-каршылыктуу жан дүйнөсү Рене Магритт. Белгиянын борбору Брюсселде бул инсандын ысымын алган эки музей бар. Магиялык же сыйкырдуу сюрреализмдин опол тоодой алтаны деп таанылган Рене Магритт, бүгүнкү тил менен айтканда, ар кандай сый чогулуш, шаан-шөкөттүү салтанат, ызы-чуудан оолак жүрүп, 1967-жылы 70 жашында дүйнөдөн көчкөн. Сүрөтчүлүк өнөрүндө бельгиялык […]

Назым ХИКМЕТ: Бурхан жана даанышман карыя жөнүндө жомок

«Мыкты котормо» критерийи боюнча конкурсубузда 1-байгеликти жеңген Амирбек Азам уулу кыргызчалаган чыгарма окурмандар назарында… Менин уулума экинчи жомок Балам, качандыр бир мезгилде, кайсы бир падышалыкта, кайсы бир мамлекетте ак сакалдуу киши жашаптыр. Ал эң боорукерлердин эң акылманы, эң акылмандардын эң эле боорукери болот. Бул ак сакалдуу даанышман жашаган өлкөнүн эң чоң шаарындагы эл агымы көп аянтта асыл таштардан жасалган көзү оттой жалтылдаган, чачы таза күмүш, тулку бою таза алтын жана кишинин боюнан миң эсе бийик бурхан орнотулат. Бул эң боорукерлердин эң […]

Молдолор кофеге тыйуу салган заман…

Илгери кофе ичимдигин жакшы көргөн бир адам ”Кудайдын атын айтып, кофе ичкен адам уктабай сергек жүрөт. Арак-шарап ичип, рахатка батууну каалаган адам, мас болуп, Кудайды унутат” деген экен. Кофе азыр Кыргызстанда кыйла эле популярдуу суусундук болуп калды. Эртең менен кофе ичпесе суз тартып, ишке көңүлү чаппаган кофеге “талгак” кыз-жигиттер менен орто курактагы аял-эркектер арбын кездешет. Бир кезде молдолор “акылыңды айнытат” дешип, ал эми тарса диниятчылары мусулмандардын шарабы деп, ичкенге тыюу салган бул ичимдикке акын Кыялбек Кыргыз (Урмамбетов) мына бул ырды […]

Токутоми РОКА: Жел тегирмен менен эмендин баарлашуусу

Орусчадан которгон Амирбек АЗАМ уулу АҢГЕМЕ Тагава дарыясында кичинекей жел тегирмен турат. Тегирменге жанаша жерде эмен дарагы өсөт. Чак түштө да оонап уктап түш көргөн кыштактык бекерпоз бир мертебе эмендин түбүнө көчүк койду. Адатынча же уктаганы белгисиз, же эс алып отурганы белгисиз неме тегирмендин парасы кандай айланганын карап жатып, кокустан эле мына бул сөздөрү эшитти: — Ки-и-и! — кыйчылдаган добуш угулду — тегирмен эменге кайрылды. — Эй, ашына! Сен бу жерде жыл бою селейип турсуң, каргаларды санайсың, сен деги эмне […]

Токутоми РОКА: Эки жүз иен

Жапон жазуучусу Токутоми Рока (1868-1927), чыныгы аты – Кэндзиро. Хёго провинциясында туулган (азыркы Кюсюга жакын Кумамото аймагы). Досися университетинде окуп жүрүп көп кырдуу билим алган. Атасынын таасири астында байыркы кытай жазмаларын окууну өздөштүрүп Конфуций жана Будда осуяттарын үйрөнгөн. Кийин Токиого барып, агасы Токутоми Сохо чыгарган «Кокумин-но томо» («Элдердин достугу») журналына ишке орношуп, ал жерден тез эле мыкты журналист жана публицист болуп чыккан. Кийин «Жашабай койгон жакшы» (1899) аттуу тунгуч романы менен адабий атагы чыккан. Которгон Амирбек АЗАМ уулу АҢГЕМЕ Эмендин […]

Абхаздар өлүмдү кантип билишкен

Котормочудан Байыртан өз жазуу маданияты жок элдерде элдик оозеки чыгармачылык алардын табигый көрүнүштөргө жана түрдүү окуяларга болгон мамилесин, жашоо мүдөөсүн, ой-тилегин чагылдырган. Адабий тил менен айтканда, фольклорду улам кийинки муун өз тажрыйбасы менен байыткан, андан таалим-тарбия алган. Ошон үчүн фольклор- мифологиялык элементтер менен сугарылса да, кайсы бир деңгээлде тарыхый чындыкты камтыгандыктан, андан тарыхый окуяларга байланыштуу айрым бир маалыматтарды табуу мүмкүн. Бирок да элдик оозеки чыгармачылыктын маанисин ашыкча көкөлөтпөстөн, изилдөөнүн же окуянын кошумча булагы катары караган жөндүү. Буга бир мисал — […]

Достоевскийди Эдгар Понун окуучусу деп ырастаган адабиятчылар бар

Эдгар Аллан По — америкалык жазуучу, акын, адабият сынчысы. XIX кылымдын 1-жарымында жашаган Эдгар По Америка адабиятында романтизмдин дарканы, кыска жана коркунучтуу аңгемелердин теңдешсиз чебери катары таанылган. Эдгар Алан По (18-январь, 1809, 7-октябрь, 1849). Американын уулу акын-жазуучуларынын бири. Адабият жөнүндөгү пикирин калемгерлерге түз айткан кабылан. Эдгар Пону атактуу англис жазуучусу Артур Конан Дойл детективдик аңгемелердин атасы, пири деп атаса, дүйнөлүк адабияттын дөө -шааларынын бири Федор Достоевский «Адамдын ички дүйнөсүнүн абалын Эдгар Подой иликтеп жазган эч бир жазуучу жок жана кыялдагы нерсени […]

Амирбек АЗАМ уулу: Жалтак интеллигенттердин катары оңой менен суюлбайт (2-маек)

1-маек ушул шилтемеде «Улуттук сыймыктан өткөн куру сыймык жок». Артур ШОПЕНГАУЭР Элибизде бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдун сөөгү зыркырагандай болсочу аттиң. Кыргыз коомунда бүгүн болуп жаткан терс көрүнүштөргө бу жакта көбүбүз кайдыгербиз. Ал эми сыртта жүрүп Кыргызстандын аянычтуу абалына каңырыгы түтөгөн мекендешибиз, учурда Прага шаарында жашаган көрүнүктүү кесиптешибиз Амирбек Азам уулу (Усманов) «РухЭш» сайты менен да тыгыз байланыштагы авторлорубуздун бири. Убакыт-сааты аз болсо да биз Амирбек агабызга атайы чоң өтүнүч менен кайрылып, окурмандардын кеңири катмарын ойго салар маек курсак […]

Амирбек АЗАМ уулу: Жалтак интеллигенттердин катары оңой менен суюлбайт (1-маек)

«Улуттук сыймыктан өткөн куру сыймык жок». Артур ШОПЕНГАУЭР Элибизде бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдун сөөгү зыркырагандай болсочу аттиң. Кыргыз коомунда бүгүн болуп жаткан терс көрүнүштөргө бу жакта көбүбүз кайдыгербиз. Ал эми сыртта жүрүп Кыргызстандын аянычтуу абалына каңырыгы түтөгөн мекендешибиз, учурда Прага шаарында жашаган көрүнүктүү калемгер Амирбек Азам уулу (Усманов) «РухЭш» сайты менен тыгыз байланыштагы авторлорубуздун бири. Убакыт-сааты аз болсо да биз Амирбек агабызга атайы чоң өтүнүч менен кайрылып, окурмандардын кеңири катмарын ойго салар маек курсак деп жүрдүк эле. Акыры өтүнүчүбүз орундалды. […]

Оожиозонун жаралышы

Котормочунун түшүндүрмөсүнөн…   Мифтер менен жомоктор, XVIII кылымда өткөн немис философу Гердер Готфирд айткандай, дүйнөнүн жана тирүү жандардын жаралышы тууралуу адамдардын балалык кездеги дүйнө таанымын чагылдырат. Ошого жомоктор илимий-техникалык өнүгүүнүн, диндин таасиринен эми туулган наристедей таза жана ушунусу менен баалуу. Түндүк Американын түпкүлүктүү элдеринин бири абенакилердин жомокторунда дүйнөнү, тирүүлүктү жаратуучунун аты — Эге болсо, амалкөй баатырын алар Глускаби же “жомокчу” деп аташат. Глускабы Теңир сыяктуу эле жаратуучу болгондуктан, Жараткан адамды ылайдан жасагандан кийин колуна жабышкан ылайдын чаңынан өзүн жасап алат. […]

Дилазык: Аял көтөргөн жаш кечил

(Буддизм икаяларынан) Кары жана жаш кечил сапарда бараткан. Алар жүргөн жол буркан-шаркан түшүп аккан, бирок көп деле жайык жана анча терең эмес өзөнгө барып такалат. Экөө дарыядан эми өткөнү жатканда тайыз кечүү издеп жүргөн жарашыктуу кийинген сулуу аял алардын жанына келет. Аял колундагы желпүүрүн желпигенде жылмайган жүзүндөгү бакыракай көздөрү бирде жумулуп, бирде ачылат. — Ой, суу аябай эле муздак, агымы да шар экен. Кокус суу тийсе, жибек кимономдун көркү бузулат. Кимдир бирөөңүздөр мени дарыядан көтөрүп өткөрүп койсоңуздар болобу? — деп […]