Редьярд Киплинг: Йолдун кызынын атчысы

АҢГЕМЕ Эгерде эркек менен аялдын ортосунда макулдук болсо, казы эмне кылып алмак эле? (Мусулман макалы) Кээ бирөөлөр Индияда романтика жок дешет. Алар жаңылышат. Биздин жашообузга канча керек болсо, ошончолук романтика бар. Кээде андан да ашып кетет. Стрикленд полицияда кызмат кылчу, адамдар аны түшүнчү эмес, ошондуктан ага шектентүү менен карашып, андан өздөрүн оолак кармашчу. Ал полицей жергиликтүү эл өздөрүн кандай билсе, аны ошондой билгенге аракет кылыш деген башкалардыкына окшобогон теория менен жашачу. Бүткүл Түндүк Индияда өз каалоосу менен индус же мусулман, […]

Раджниш Ошо: Сүйүүдөн өткөн дары жок

Кандай гана кайгыруу болбосун байкап көр: же анда сен айрылууга даяр эмес бир жыргал нерсе бар, же маңдайыңдагы сабиздей салаңдаган ага болгон үмүт бар. *     *     * Эгер бай болсоң ал жөнүндө ойлонбо, эгерде сен кедей болсоң – кедейчилигиңе анча маани бербе. Эгерде сен бул жашоо оюн экенин эсиңден чыгарбай, бейпилчиликте жашай алсаң, көп азаптан тышкары болосуң. Азап – бул жашоого олуттуу мамиленин жыйынтыгы; ыракат алуу – оюндун жыйынтыгы. Жашоону оюндай кабыл ал, андан ыракат алып жаша. *     *     * […]

Далай-лама: Бой көтөрүү – утурумдук жалган ийгиликтен келип чыгат

Эсиңерде болсун, айрым учурларда унчукпай коюунун өзү эң мыкты жооп. ♦ ♦ ♦ Эгерде көйгөй чечиле турганына көзүң жетсе, анда ал жөнүндө ойлоп тынчсызданба. Эгерде ал такыр эле чечилбесин билсең, тынсыздануудан да пайда жок. ♦ ♦ ♦ Адам өз жашоосунда бардык нерсе теңирден тескери болуп жаткандай учурду сезсе, анда анын турмушуна бир укмуштуу нерсе кирүүгө далалат кылып жатканы. ♦ ♦ ♦ Душмандарыбыз бизге чыдамкайлык, туруктуулук жана боорукерликке үйрөнүүгө эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү берет. ♦ ♦ ♦ Эсиңерде болсун, ар дайым эле […]

Кимдин ой-максаты тамак ичүү болсо – анын баалуулугу ичеги-карынынан чыккан бок-жиндей

Имам Шафи – ислам ааламындагы эң негизки аалымдардын бири. Чыныгы аты-жөнү Мухаммад ибн Идрис ибн Аббас болгон. Ал эми чоң атасынын атасы Шафи атактуу курайш уругунун башкаруучу өкүлдөрүнөн болгону үчүн Шафи деген ысым менен белгилүү. 767-жылы Палестинанын Газа шаарында туулуп, 820-жылы 56 жашында Эгипептин Фустат шаарында каза болгон. Ислам дининин сунни агымын карманган Имам Шафи хадистерди чечмелеген, исламды түшүндүргөн ж.б. көптөгөн китептерди жазган. * * * Адам баласын толугу менен ыраазы кылуу өтө кыйын. Кимдир бирөө бардык адамдарды курсант кыла […]