Котормо боюнча конкурста 3-байгенин жеңүүчүсү Арген Шабданов болду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурста калыстар курамынын чечими менен үчүнчү байгеге татыктуу деген үч калемгердин бири Арген Шабданов Ɵмер Сейфеддиндин “Күлгүн бермет менен кооздолгон чапан” аттуу аңгемесин түрк тилинен которгондугу үчүн жеңүүчү деп табылды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаев болду. КҮЛГҮН БЕРМЕТ МЕНЕН КООЗДОЛГОН ЧАПАН АҢГЕМЕ Төбөсү бийик, салкын жыйын ɵтчү бөлмөнүн ичи күндɵгүгɵ караганда бүгүн жымжырт, кɵлɵкɵлүү да болуп турду.  Терезелеринен көк, сыя, кызгылт өң […]