Аким Кожоев: Намаз окуу – бул чын ыкластуу диндарлар үчүн рухий тирек-жөлөк

Акыркы кезде кыргыз коомунда интеллигенция менен диний чөйрөнүн ортосунда элдешкистей каршылашкан маанай өкүм сүрүп баратканы өкүнүчтүү… Дээрлик жүз миңден ашуун кишинин өмүрүн кыйган 90-жылдардагы Тажикстандагы жарандык согуштун негизги себептеринин бири коомдогу жиктешүү болгон. Бир тараптагы эски коммунисттик режимди колдогондор менен экинчи тараптагы ислам мамлекетин курабыз деп жулунгандардын тирешүүсү акыр аягында кандуу кагылышка алып келген. Натыйжада канчалаган бейкүнөө адамдар набыт болуп, бул апаат тажик элинин тарыхында эң трагедиялуу окуя катары жазылып калды. Ал эми бүгүнкү кыргыз коомундагы пикир келишпестиктер, айрыкча интеллигенция […]

Чоюн  ӨМҮРАЛИЕВ: Кыргыз поэзиясынан үч сабак

Редакциядан: Айтылуу аалым Чоюн Өмүралиев «РухЭш» сайты аркылуу Кыргыз адабиятынын күнүнө карата көркөм дөөлөт сүйүүчүлөрүнүн майрамы менен куттуктап, жалпыбызга «Кыргыз поэзиясынан үч сабак» аттуу эмгегин арнап отуру. Бул жөн эле куттуктоо эмес, кыргыз адабиятынын тарыхы үчүн үч кулпунун ачкычын таап колубузга карматкандагы кербези! Эмне болгон үч сабак дээрсиз… Белгилүү элдик философ аалым агабыз Чоюн Өмүралиевдин «Аалы — заманында» айтылуу алп акын Аалы Токомбаевдин кыргызга таберикке калган мөлтүр поэзиясы талданып берилсе, «Омор — мезгилинде» омоктуу акын Омор Султановдун, «Алым — кезеңинде» азуулуу калемгер Алым Токтомушевдин […]

Лао МА: Апенди чалыш (кытай жазуучусу)

АҢГЕМЕ Лао Гуань бир ай ичинде эле эки ирет сөгүш алды. Бир ай мурун мекемеде өпкөнүн инфекциялык сезгенип оорушунун алдын алуу чараларын сактоо боюнча партиялык кызматкерлердин жыйналышы болуп өттү. Жетекчиликтин көрсөтмөсүнө ылайык, жыйналыштын башкы төрагасы бардык кызматкерлерди оору тууралуу жалган маалыматтын таркашы боюнча зарыл чараларды көрүүгө чакырды. Ал ошондой эле азыркы учурда бул илдет менен ооругандардын саны белгилүү чектен аша электигин кошумчалап, биздин шаардык ооруканага мындай оорунун белгилери менен азырынча эч ким түшө электигин айтты. «Этияттыктын бардык чараларын сактап, бул […]

Габриэль Гарсиа Маркес: Бальтасардын бактылуу күнү  

(Колумбия) АҢГЕМЕ Бальтасар тор капас жасап бүтүп, көнгөн адатынча үйдүн чатырынын астына илип койду. Ананбы, ал наар ооз тийип, нанушта кылганга үлгүрбөй, жака-белдеги жамагат бу тор капас дүйнөдөгү  эң  кооз тор капас деп дуулдап калыптыр. Көргөнү көңүлдөнгөндөр   көбөйгөндөн  аныңыз капасын аскан  жеринен чечип, устаканага кийирип таштоого аргасыз  болбоспу. — Монах баштанбай, сакалыңды кырсаңчы, — деди Урсула күйөөсүнө. Анда Бальтасар барк этет: — Тамактан кийин да сакал алчу беле. Сакалы эки апталык, үрпөйгөн чачы качырдын жалындай кыска, кайраттуу, кебетеси  алаңдаган жаш […]

Кошоматчыларга күмүш сырга: Вадим Кожиновдун Евгений Евтушенконун бийликке болгон кошоматчылыгы жөнүндө жазгандарынан

(«Россия. Век XX» аттуу эки томдугунан) … 1945-жылдагы жеңишинен соң Сталинге сыйынуу арааны ашкере ачылып, жетер жерине жеткени айтылды. Анын залакасы турмуштун калың катмарына, анын ичинен адабиятка да катуу тийди. Зоболого ашкере бүгүлүп-жагынуу адабият астанасын жаңыдан аттагандардын да аң-сезимин уулап, жүрүм-турумун бийлей баштаганы жаман болду.Анын айкын мисалы – аты-жөнүн элге ашкере таанытууга жетишкен Евгений Евтушенко. Анын жазгандарын поэзиянын маанилүү кубулушу катары кароого арзыбаса да, дал ошол популярдуулугу Евтушенкону 1950–1970-жылдар тарыхындагы олуттуу кубулушка айлантты (ага баа берүү, албетте, башка маселе). Кечээ […]