Аркадий Аверченко: Өмүрдүн бир күнү

АҢГЕМЕ Үйдө Эртең менен, аялым тура электе, ашканада аялымдын жеңеси менен чай ичип олтурдум. Жеңебиз — акылы аз, былтыйган семиз аял, чөйчөктү кармаган оң колунун чыпалагын чычайтып алган, анысын тимеле өзүнө куп жарашкан, ак сөөктөр коомунда кабыл алынган укмуш кыймылдардын бирине жетишип калгансып сезет. — Кандай уктадыңыз? — дейт жеңебиз, карандай чайга чылап, кашыгы менен эзип жаткан онунчу кургатылган нандан менин көңүлүмдү буруп. — Сонун. Таң аткыча сиздин элесиңиз көз алдымдан кеткен жок. — Ай, кудай ай! Мен сизден чын […]