Аркадий АВЕРЧЕНКО: Теоретиктер 

АҢГЕМЕ Бир жолу ресторанда отуруп, кошуна үстөлдө отурган эки жиндинин сүйлөшкөнүнө аргасыздан күбө болдум. Алардын сөзүн укпаган киши болуп гезит менен бетимди калкалап алдым. Алардан уккандарым булар: — Уксаң…Эмне үчүн ичкенден кийин баш ооруйт? — Ичпей эле кой, ошондо оорубайт. — Макул дейли. А бирок мен мурда эле ичип алсамчы? — Анда сооп болуптур, ооруй берсин. Өзүңдөн көр. — Мен ал жөнүндө айткан жокмун. Кандай түшүнбөйсүң! Мен илимий жагына кызыгып жатсам, а сен демейдеги фактылар жөнүндө айтасың да. — А […]