Аркадий Аверченко: Акын (конкурска №13)

АҢГЕМЕ – Мырза редактор, – деди мага сырттан кирген адам, көзүн өйдө көтөрбөй бутунун башын тиктеп, – мен сиздин тынчыңызды алганым үчүн аябай оңтойсуз болуп, уялып турам. Сиздин кымбат баалуу убактыңызды алып жатканымды ойлосом, кирерге жер таппай баратам… Кудай үчүн мени кечирип коюңуз! – Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес, – дедим жумшак жылмайып, – кечирим сурабай эле коюңуз. Ал башын ылдый салып, капа болгон немедей унчукту: – Жок, андай эмес… Сизди убара кылып жатканымды жакшы түшүнөм. Мурда-кийин бирөөлөргө жабыша […]

Аркадий АВЕРЧЕНКО: Сокурлар

АҢГЕМЕ «Юмор – бул кудайдын белеги…» Королдун сейил багы бул убакта ачык болгондуктан, жаш жазуучу Аve ал жакка эч тоскоолсуз эле кирди. Ал кум төгүлгөн жол менен бир аз басып келди да, өңү жагымдуу, бир топ жашка барып калган адам отурган отургучка  келип, шашпай көчүк басты. Жашап калган, жүзүнөн нуру төгүлгөн сүйкүмдүү мырза Аveге бурулуп карап калды да, бир аз ыңгайсыздангансып суроо узатты: – Сен кимсиң? – Менби? Ave. Жазуучумун. – Жакшы кесип,– жактыргандай күлүп койду бейтааныш. – Кызыктуу жана […]