Армян эл жомогу: Кудай, сен мени түшүнбөпсүң

Жонундагы жүгү оор дыйкан тоо жакты беттеп баратып наалыган экен: – Жүгүмдү жеңилдетсең боло, Кудай. Же бир жанымды алып тынып, ушул азаптан куткарсаң боло. Ошол учурда эшеги жолдон өлүп калган соодагер, өлгөн эшегинин ээрин дыйканды мажбурлап көтөртүп коёт. Дыйкандын да аргасы болбойт көтөрбөскө. – Кудай-ай, жүгүм оор экенин сага түшүндүрө алган эмес экемин; а мүмкүн мени түшүнбөй калдың бекен, – дептир дыйкан.  Ууру Байдын үйүнө ууру кирет. Кожоюн үйүндөгү ууруну көрөр замат аны таяктап, кармайын дейт. Бирок ууру мурдарак озунуп, […]

Армян эл жомогу: Ууру жана кедей

Ууру болуптур бир. Бир күнү ал кедейдин үйүнө кирет. Кожоюн кармап алат. Суракка алат ууруну: – Не издеп келдиң? Уурунун жооп узатып турганы: – Байлык издеп жүрмүн. Муну уккан кожоюндун күйбөгөнү күл болот: – Ой атаңдын оозун урайын десе, кандай уяты жок немесиң! Мен күндүзү издеп таппаган байлыкты сен түнүчүндө табат бекенсиң?! Кургабаган сүлгү Үйлөнүү үлпөтүнөн көп өтпөй төркүнүнө жөнөгөн келинден өз энеси сурап калды: – Кандай анан, кайненең менен болгон мамилеңер көңүлдөгүдөйбү? – Баары жайында, бир гана мага жакпаганы: […]

Армян эл жомогу: Кордуктун кордугу

Колго түшкөн ууруну султанга алып келишти. Султан аны шерменде кылмак болуп, ар бир жаран анын бетине түкүрүп өтсүн үчүн ууруну устунга байлатып таштады. Бир нече күндөн кийин аянттан өтүп бараткан султан устунга таңылган уурудан сурады: – Ии, кандай экен? Бу жашоодо мындан өткөн азап болду беле башыңда? – Болгон, болгон, о улуу урматтуум. – Ал кандай эле? – Үйүмө келген мейманга эмне берерди билбеген кордуктан өткөн кордукту көрбөгөмүн, – дептир ууру. Кылыч жана тил Шордуу бирөөнүн башын кыя чабар кылыч […]

Армян эл жомогу: Пахлаванын даамы-ай!

– Кайсы татты ширин, кайсы тамак даамдуу? – деген соболго ар ким өзүнө жакканын жерге-сууга тийгизбей мактады. – Йе, туугандар, койгулачы, – деп Сако чыкты. – пахлавадан өткөн таттуу жок. – А сен муну кайдан билесиң? – Кери Торос сурап калды. – Эгер билбесем, былжырабайт элем да, – деп жооп кайтарды Сако. – Эй, сен кайдан билмек элең? Ай-ай! – Магдесанц Арут сөзгө аралашты. – Пахлаваны өзүң жеп көрдүң бекен? – Жебесем да билем аны, – деди Сако мурдун көтөрүп. […]

Армян эл жомогу: Бир тамчы бал

Бир тамчы бал!.. Аны үч жолу айт, төрт жолу кайтала, бирок бир тамчы – аз эле бирдеме! Эч нерсе жок десең да болот. Чындыгында бир тамчы бал деген эмне?.. Кана, угуп койчу… Алыскы бир айылда дүкөнчү жашаптыр. Ал бал сата турган. Ооба, жыты буркураган, янтардай, күнгө чагылышкан, кичинекей тамчысынан так ушул жомок башталган бал. Дүкөнчү  маанайы жарык, көңүлү ачык болуп дүкөнүндө отурду. Күн жаркырап тийип турат, бакта чымчыктар сайрайт, жел согуп, бутактарды кыймылдатат… – Охай! – деди дүкөнчү. Бул: «Ох, […]

Армян жомогу: Жамынчыңа карап бутуңду соз

Бир жолу адилетсиз падыша өлкөсүндөгү уздарды чакыртып, өзүнүн боюна чоң да эмес, кичине да эмес жамынчы тигүүнү же токууну буюрду. Эч ким анын бул буйругун так аткара албагандыктан падыша алардын баштарын алдырып салат. Бир күнү падышага бир тикмечи келет. — Падышам,- дейт ал.- Мен сенин боюңа чапчак келген жамынчы тигип берем. — Тигип көр, бирок алдын ала эскертип койоюн: аз-маз кичине же кең болчу болсо башыңдан айрыласың! — Макулмун,- деген тикмечи жумушка киришип, атайылап эле бир топ кыска жамынчы-жууркан тикти. […]